ЖЕТИГЕН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕТИГЕН – Жалал-Абад обл-нун Токтогул р-нундагы кыштак. Үч-Терек айыл округуна караштуу. Тартуулук суусунун боюнда, деңиз деңг. 1880 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаарчасынан 75 км түш.-чыгыш тарапта. Таш-Көмүр т. ж. бекетинен 170 км. Калкы 2847 (2007); негизинен дыйканчылык ж-а мал чарбасы м-н алектенет. Орто ж-а башталгыч мектеп, амбулатория, китепкана, клуб, почта бөлүмдөрү бар. Тегирмендер (үчөө суу, үчөө электр м-н) иштейт.