ЖЕТИКАШКАЕВА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕТИКАШКАЕВА</b> Нуркамал (1918, Чүй | <b type='title'>ЖЕТИКАШКАЕВА</b> Нуркамал (1918, Чүй облусу, Сокулук району, Жыламыш айылы – 9. 9. 1952, Фрунзе) – кыргыз кыз-келиндеринен чыккан туңгуч профессионал акын. Жумушчулар факультетин (1933), Москвадагы А. В. Лу­начарский атындагы театр институтун (1936–1941) бүтүргөн. Кыргыз драма театрында артист, СССР Илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалынын Тил, адабият жана тарых институтунда илимий кызматкер, Республикалык эл чыгармачылык үйүнүн директору болуп иштеген. Ырлары 1937-жылдан жа­рыялана баштаган. «Жан­ган жалын» (1949) деген поэ­манын, «Жаңырган өлкө» (1951) ыр жыйнагы­нын автору. | ||
[[File:ЖЕТИКАШКАЕВА14.png | thumb | none]] | [[File:ЖЕТИКАШКАЕВА14.png | thumb | none]] | ||
Анын чыгармачылыгынын негизги тема­сы – эл-жерин сүйүү, дыйкандардын, кыргыз ин­теллигенттеринин турмушу. Улуу Ата Мекен­дик согуш убагында патриоттук маанайдагы ыр­ларды жазган. Жетикашкаеванын балдарга арналган да ыр­лары бар. Анын «Мен Октябрдын кызымын» ыр жыйнагы (1958) орус тилине которулган. Жетикашкаева 1946-жылдан СССР жазуучулар союзуна мүчө болгон. «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Ме­кендик согуш мезгилиндеги каарман эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган. Жетикашкаеванын туулуп өскөн айлында үй-музейи иштейт. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | |||
үчүн» медалы | |||
өскөн айлында үй-музейи иштейт. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | |||
07:56, 8 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
ЖЕТИКАШКАЕВА Нуркамал (1918, Чүй облусу, Сокулук району, Жыламыш айылы – 9. 9. 1952, Фрунзе) – кыргыз кыз-келиндеринен чыккан туңгуч профессионал акын. Жумушчулар факультетин (1933), Москвадагы А. В. Луначарский атындагы театр институтун (1936–1941) бүтүргөн. Кыргыз драма театрында артист, СССР Илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалынын Тил, адабият жана тарых институтунда илимий кызматкер, Республикалык эл чыгармачылык үйүнүн директору болуп иштеген. Ырлары 1937-жылдан жарыялана баштаган. «Жанган жалын» (1949) деген поэманын, «Жаңырган өлкө» (1951) ыр жыйнагынын автору.

Анын чыгармачылыгынын негизги темасы – эл-жерин сүйүү, дыйкандардын, кыргыз интеллигенттеринин турмушу. Улуу Ата Мекендик согуш убагында патриоттук маанайдагы ырларды жазган. Жетикашкаеванын балдарга арналган да ырлары бар. Анын «Мен Октябрдын кызымын» ыр жыйнагы (1958) орус тилине которулган. Жетикашкаева 1946-жылдан СССР жазуучулар союзуна мүчө болгон. «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги каарман эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган. Жетикашкаеванын туулуп өскөн айлында үй-музейи иштейт.