ГҮЛ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГҮЛ – уруктуу өсүмдүктөрдүн жыныстык көбөйүү функциясын аткаруучу органы. Г. – функциясына жараша түрүн өзгөртүп, кыскарган өркүн. Эвол. өрчүү мезгилинде айрым жалбырактары спора пайда кылууга ылайыктанса, калгандары стерилдик жабуучу жалбырак – гүл коргонго айланган. Спора пайда кылуучуларга (спорофиллдерге) микроспорофиллдер ж-а мегаспорофиллдер кирет. Г-дүн микроспорофиллдери – аталыктар, мегаспорофиллдери – мөмө жалбыракчалар. Адатта мөмө жалбыракчалар кыры м-н биригип өсүп, туюк камераны – энеликти пайда кылат, анда урук-бүчүр өөрчүйт. Энелик жабык уруктууларга гана мүнөздүү. Ал гүл сабы, чөйчөкчө, таажыча, аталыктар ж-а энеликтен турат. Гүл сабы – негизги сабак м-н байланыштырган сабакча. Кээ биринде гүл сабы болбойт (сапсыз гүлдөр). Гүл сабынын жогорку бир аз жоонойгон бөлүгүндө (гүл жайгашкыч) гүлдүн калган мүчөлөрү жайгашат. Алардын эӊ сырткысы чөйчөкчө болуп, ички органдарын коргойт, көбүнчө жашыл жалбыракчалардан турат. Чөйчөкчөнүн ич жагындагы кызыл, көк, көгүлтүр, сары ж. б. түстөгү бир нече желекче таажычаны түзүп, анын ич жагында аталыктары,

Гүл кесилиши.
Гүлдөр: 1 – ала батанын энелик гүлү; 2 – талдын аталык, 2а – энелик гүлү; 3 – камыш; 4 – ак чечек; 5 – тамеки; 6 – коӊгуроо гүл; 7 – мандалак; 8 – алагүл; 9 – нарцисс; 10 – уу коргошун; 11 – көк баш; 12 – даргын; 13 – оймок гүл; 14 – арала гүлдөрү.

ортосунда бир же бир нече энелиги бар. Г-дүн бардык аталыгы – андроцей, энелиги гинецей деп аталат. Энеликтин төмөнкү бөлүгүнөн урук пайда болот, энелик мөмөгө айланат. Таажыча м-н чөйчөкчө биригип, гүл коргонун түзөт.

Ал чөйчөкчөдөн гана турса – чөйчөкчөдөй (дан өсүмдүктөрү, эмен, кайыӊ), ал эми таажычадан гана турса таажычадай (лилия, мандалак) гүл коргон деп аталат. Чөйчөкчөсү да, таажычасы да болгон гүлдүн гүл коргону – кош гүл коргон, ал эми гүл коргону жогу жабуусуз же жылаӊач деп аталат. Аталыгы м-н энелиги барлары 2 жыныстуу же гермафродит Г., аталыгы бар, энелиги жок (аталык гүл) же энелиги бар, аталыгы жоктору (энелик гүл) бир жыныстуу Г. деп аталат. Г-үнө жараша өсүмдүктөр 1, 2 ж-а көп үйлүү болуп бөлүнөт. Аталык м-н энелик гүлдөрү бир эле өсүмдүктө болсо, бир үйлүү, аталык гүл биринде, энелик гүлү экинчисинде болсо, эки үйлүү, ал эми үчүнчүсүндө экөө теӊ, төртүнчүсүндө 2 жыныстуу гүлдөр болсо, көп үйлүү өсүмдүктөр деп аталат. Г. жалгыздан болот, көп учурда топ гүлгө чогулат. Г-дүн түзүлүшүн жазуу үчүн атайын формула ж-а диаграмма колдонулат.