ЖЕТИ-ӨГҮЗ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЕТИ-ӨГҮЗ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Ысык-Көл обл-нун Жети-Өгүз р-нундагы дарылык касие­ти бар минералдуу жылуу суу булактары. Ка­ракол ш-нан 28 км түш.-батыш тарапта, Тескей Ала-Тоонун түн. капталында, Жети-Өгүз суусу­нун боюнда, деңиз деңг. 2200–2400 м бийиктик­те. Ысык булактар жерг. элге илгертен белгилүү. Булактар чыккан аймакта протерозойдун мета­морфизмделген сланецтери ж-а аны жиреп чык­кан гранит интрузиясы, карбондун акиташ теги, кумдук, алевролит, юранын конгломераттары ж-а палеоген-неогендин кум-чополуу тоо текте­ри жатат. Жылуу суулар акиташ тектериндеги тектон. жаракалардан агып чыгат. О. эле 150 м тереңдиктен бургулаганда да суу чыккан. Деби­ти 2,7 л/сек. Хим. курамы, физ. касиети б-ча радондуу, хлорид-натрий-кальцийлүү, чала же­гичтүү (рН 7,3–7,6) арашан сууларына кирет. Темп-расы 25–42°С. Жалпы минералданышы 0,9 дан 13 г/лге чейин. Түссүз, жытсыз, даам­сыз. Курамында бром, йод, бор, марганец, жез, никель, коргошун, цинк, алюминий бар. Биол. активдүү компоненти радон, анын өлчөмү 18– 400 Махе бирдигине же 127,4Ч10–8 кюри/лге че­йин. Эсептелген запасы суткасына 0,4452 миң м3 (1965). Муун, нерв, гинекол. ж. б. ооруларга шы­баа берет. Суунун базасында Жети-Өгүз курор­ту иштейт.