ЖИБЕК: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖИБЕК (табигый) – жибек куртунун безинен бөлүнүп чыгуучу нукура (табигый) текстиль буласы. Адегенде жибек курттун кокону ысык сууда жумшартылып, андан соң жазылып кургатылат. Натыйжада уз. 0,4–1,2 кмге жеткен таза, жалтырак кош катар жибек жип алынат. Мындай жип оңой боёлот ж-а бышык болот. Бир нече түрмөктөн турган жиптер адегенде самын ж. б. заттар м-н ысык сууда кайнатылып, батташкан заттардан тазартылат, андан соң металл цилиндринин ичке көзөнөгү аркылуу созуп өткөрүлүп, чыйратуучу машинага берилет. Эриши (кездеменин узунунан жайгашкан жиптери) катары колдонулуучу жибек жип трамм деп аталат. Аркак (кездеменин туурасынан кеткен жиптери) түрүндө колдонулган жип органсин деп аталат. Ал траммга караганда азыраак күч м-н каршы тарапты карай чыйратылат. Үзүлгөн жиптер чыйратылганга жарабайт, ошондуктан аларды майдалап бөлүп, пахта, зыгыр ж-а жүн сыяктуу ийрийт. Ж. кездеме токуу ж-а тех. максаттар үчүн, о. эле электр өткөрбөөчү материал катары колдонулат.