ЖИВОПИСЬ, СКУЛЬПТУРА ЖАНА АРХИТЕКТУРА ИНСТИТУТУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖИВОПИСЬ, СКУЛЬПТУРА ЖАНА АРХИТЕКТУРА ИНСТИТУТУ И. Е. Репин атн. – Рос­сиянын Санкт-Петербургдагы туңгуч жогорку көркөм сүрөт окуу жайы. Петербург Сүрөт ака­демиясынын окуу жайы катары 1757-ж. негиз­делген. Көркөм чыг-лыктын жалпы улуттук бор­бору болуп калган. Бул жерде реалисттик че­берчилик принциптерине негизделген улуттук пед. система калыптана баштаган. Сүрөт клас­стары Жогорку сүрөт окуу жайына биригип, чыг­лык шыктануунун ар кандай этаптарын, дина­микалык өнүгүүнү ж-а кризистик жагдайларды башынан өткөргөн. 1918-ж. Жогорку сүрөт окуу жайынын ордуна Петроград мамл. эркин сүрөт­окуу өнөрканалары уюштурулган. Өнөрканалар­ды Вхутеинге кайра уюштурууда арх-ра ф-ти м-н живопись ф-тинин станоктук живопись бөлүмү жоюлуп кеткен. Академиянын көрүнүктүү оку­туучулары жумуштан четтетилген. 1931-ж. Сүрөт академиясынын салттык курамы кайра калы­бына келтирилген. Анын курамында Ж., с. ж. а. и. түзүлгөн. Көркөм сүрөт б-ча билим берүүнүн негизин сүрөт ж-а композиция мыйзамдары тү-


зүп, кайрадан башында көрүнүктүү сүрөт чебер­лери И. И. Бродский, Б. В. Иогансон, А. Т. Мат­веев, А. А. Осмеркин, М. Г. Манизер, П. А. Шил­линговский, Л. В. Руднев, С. С. Серафимов, Р. Р. Френс, В. В. Лишев, В. Б. Пенчюк, И. Я. Би­либин турган жеке өнөрканалар иштей башта­ган. 1973-ж. көркөм иск-во тарыхы ж-а теория­сы ф-ти ачылган. 1944-ж. ин-тка И. Е. Репин­дин аты ыйгарылган. 1942–44-ж. ин-т адегенде Самаркандда, андан соң Москванын алдында эвакуацияда болгон. Ин-тта көрүнүктүү сүрөт че­берлери А. А. Мыльников, М. К. Аникушин, П. Т. Фомин, Ю. М. Непринцев, Б. А. Пленкин ж. б. сабак беришкен. Ин-т мурунку союздук респ-ларга улуттук кадрларды даярдоого көмөк көрсөтөт ж-а андан башка мамлекеттерден кел­ген студенттер да билим алышат. Кырг-ндык көп чеберлер да ушул ин-ттан окуган: живопис­чилер – А. Осмонов, А. Усубалиев, С. Чокмо­ров, К. Керимбеков, Ж. Кожахметов, Н. Кон­гурбаев; графиктер – А. С. Осташев, М. Өмүрку­лов; иск-во изилдөөчү Б. Будайчиев, скульптор Д. Жолчуев ж. б.