ЖИГУЛИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖИГУЛИ , Ж е г у л и – Волга д-нын оң жээ­гиндеги тоо. Самара Жебеси деп аталган имери­лиште. Волга бою дөңсөөсүнүн бир бөлүгү. Уз. 75 кмдей, бийикт. 375 мге чейин. Волгага кара­ган капталы тик, жардуу, коо-колоттор көп. Негизинен палеозой ж-а мезозойдун акиташ, доломит тектеринен турат. Түн. капталында жазы жалбырактуу ж-а мырза карагай токою, түштүгүндө токойлуу талаа өсүмдүктөрү өсөт. Нефть кени бар. Ж-ге жакын Волга ГЭСи ку­рулган. Туризм өнүккөн.