ЖИЙДЕЛЕР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖИЙДЕЛЕР (Elaeagnасеае) – эки үлүштүү өсүмдүктөр тукуму. Бадалдар, көбүнчө тикенектүү, анча чоң эмес дарактар. Кабыгы боз, жалбырагы жөнөкөй, бүтүн, кезектешкен же түгөйлүү канаттай. Жаш өркүнү, жалбырагы, гүлү түкчөлөр м-н капталган. Гүлү 1 же 2 жыныстуу, желекчесиз, актиноморфтуу. Ж. шамал же чымын-чиркей аркылуу чаңдашат. Мөмөсү – ши-

релүү же кургак сөөкчө. Тамыры азот топтоочу бактериялуу түймөктөрдү пайда кылат. Европа, Түн. Америка, Азияда 3 уруусунун 50дөй түрү өсөт. Мөмөсү желет, дары-дармек жасоодо колдонулат, кооздук үчүн ө с т үрүл ө т . Дарагынын сөңгөгү баалуу, кабыгынан, жалбырагынан өңдөгүч заттар, гүлдөрүнөн бал алынат. О. Азияда, Кавказда ж-а Кырг-нда кууш жалбырактуу ж-а чыгыш Ж-и таралган.