ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАР (ЖОЖ): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАР (ЖОЖ)</b> – жалпы | <b type='title'>ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАР (ЖОЖ)</b> – жалпы | ||
ж-а атайын орто билимдин негизинде терең фундаменталдуу билимге ээ жогорку квалифи­кациялуу адистерди даярдоочу окуу-тарбия ме­кемелери. Ага | ж-а атайын орто билимдин негизинде терең фундаменталдуу билимге ээ жогорку квалифи­кациялуу адистерди даярдоочу окуу-тарбия ме­кемелери. Ага университет, институт, жогорку аскердик окуу жайлар кирет. Айрым учурда ЖОЖ – акаде­мия, консерватория, жогорку мектеп, колледж деп аталат. Университеттер жогорку илимий даражага ж-а квалификацияга ээ окутуучулар ж-а профессор­лор м-н камсыз болушуна жараша илимдин ба­калаврдык, магистрдик, кандидаттык ж-а док­торлук даражаларын берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындан тышкары өнөр жайдын, маданияттын ж-а коомдук жашоо-тиричиликтин ар кандай тар­мактары боюнча адистердин квалификациясын өркүндөтүү иштерин да алып барат. Алгачкы жогорку (философиялык) мектептер б. з. ч. 3–5 кылымдарда Афины м-н Римде пайда болгон. Грузиядагы биринчи жогорку мектептер – Колхида (4-кылым), Икалто, Герм, Гелати (11–12-кылым) академиялары. 13–14-кылымдарда Батыш Европанын бир катар шаар­ларында университеттер ачылган. 1579-жылы Вильнюс ака­демиясы, 1632-жылы Киев-Могилян академиясы, 1661-жылы Львов ж-а 1669-жылы Загреб университеттери, 1687-жылы Москвада Славян-грек-латын академия­сы уюштурулган. 1725-жылы Петербург академия­сынын алдында академиялык университет, 1755-жылы М. В. Ломоносовдун демилгеси боюнча Москва ун­иверситети негизделген. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын ба­шында ири машина индустриясынын өнүгүшү м-н университеттер, инженердик ж. б. тармактык институттар көп өлкөлөрдө ачылган. Кыргызстанда ЖОЖ Улуу Ок­тябрь социалисттик революциясынан кийин пайда болгон. Кыргыз ССРинде биринчи ЖОЖ – Кыргыз мамлекеттик педагогика институту 1932-жылы Фрунзеде ачылган. 1933-жылы зооветеринария институту ачылып, 1938-жылы айыл чарба институтуна айландырылган (к. <i>Кыр­гыз агрардык университети</i> И. Скрябин атындагы). 1939-ж. сентябрда Фрунзеде Кыргыз мамлекеттик меди­цина институту (к. <i>Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы</i> И. Ахунбаев атындагы), 1939–40-жылдарда Ош (к. <i>Ош мамлекеттик университети</i>) ж-а Прже­вальск (к. <i>Ысык-Көл мамлекеттик универси­тети</i> К. Тыныстанов атындагы) шаарларында мугалимдер институттары уюштурулган. 1945-жылы башталгыч класстардын мугалимдерин даярдап чыгарууга багытталган кыз-келиндер окуу жайы уюшул­ган ж-а анын базасында 1950-жылы Кыргыз кыз-­келиндер педагогика институту түзүлүп, ага 1952-жылы В. В. Маяковскийдин ысмы ыйгарылган (к. <i>Кыргыз мамлекеттик университети</i> И. Ара­баев атындагы). Оштогу мугалимдер институтунун база­сында 1951-жылы, Пржевальскидеги мугалимдер институтунун базасында 1955-жылы педагогика институтта­ры түзүлгөн. Кыргыз мамлекеттик университети педагогикалык институттун базасында түзүлүп (1951), СССРдин 50 жылды­гы атындагы (1972), кийин Ж. Баласагын атындагы Кыр­гыз улуттук университети (2002) аталган. 1954-жылы Фрун­зе политехника институту (к. <i>Кыргыз мамлекеттик техникалык университети</i> И. Раззаков атындагы), 1955-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институту (к. <i>Кыр­гыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт ака­демиясы</i>), 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институту (к. <i>Кыргыз мамлекеттик искусство инсти­туту</i> Б. Бейшеналиева атындагы) ачылган. Ошондой эле 1979-жылы Фрунзе орус тили жана адабияты педа­гогика институту (к. <i>Бишкек гуманитардык универ­ситети</i> К. Карасаев атындагы, 1994), 1991-жылы Биш­кек милиция жогорку мектеби (к. <i>Кыргыз Рес­публикасынын ички иштер министрлигинин академиясы</i> Э. Алиев атындагы, 1999), 1992-жылы Кыр­гыз архитектуралык-курулуш институту (к. <i>Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана ар­хитектура университети</i> Н. Исанов атындагы, 1998), 1991-жылы көркөм-сүрөт колледжи (к. <i>Кыр­гыз Республикасынын улуттук көркөм-сүрөт академиясы</i> Т. Садыков атындагы, 2004), <i>Кыргызстан э</i><i>л аралык университети</i> (1991), <i>Кыргыз-Россия Славян университети</i> Б. Ельцин атындагы (1991), <i>Кыргыз-Түрк «Манас» университети</i> (1995), <i>На­рын мамлекеттик университети</i> (1996), <i>Бор­бордук Азиядагы Америка университети</i> (1998), <i>Кыргыз улуттук консерваториясы</i> К. Молдо­басанов атындагы (1998), <i>Талас мамлекеттик уни­верситети</i> (2000), <i>Баткен мамлекеттик уни­верситети</i> (2002) ж. б. окуу жайлары бар. Ошен­тип, 1991-жылдан кийин бир нече жаңы ЖОЖдор ачылып, институттардын университетке айланышы м-н ЖОЖдордун ж-а студенттердин саны өстү. Кыргызстандын аймагында 1980–90-жылдарда бар­дыгы 10 ЖОЖ болсо, 2000–01-окуу жылында республикада ЖОЖдордун саны 40, ал эми сту­денттердин жалпы саны 188,2 миңди түзгөн, бул болсо 1999–2000-окуу жылына салыштырганда 29,5 миңге көп болгон. 2002-жылы университет, институт, ака­демиялардын саны 46га жеткен. 2002-жылы 54 окуу жайы, анын ичинде 31и – мамлекеттик, 15и – жеке менчик ж-а 8и – КМШ ЖОЖдорунун филиалдары бо­луп, аларда окутуу кыргыз, орус, казак, өзбек, англис, түрк, тажик, немис тилдеринде жүргүзүл­гөн. Коммерциялык ЖОЖ, факультеттер, бөлүмдөр ачылган. 1990-жылга салыштырмалуу 2002–03- окуу жылында контракт м-н окугандардын саны 5,6 эсеге көбөйгөн. Окуу квалификациясында ж-а окутуу процессинде да реформалар жүргү­зүлүп, <i>бакалавриат</i> ж-а <i>магистратура</i> пайда болду. <i>Тест,</i> рейтинг системасы, кредиттик саат киргизилген. Кыргызстанда ЖОЖдордун жалпы са­ны 1994–2004-жылдары 22ден 49га чейин өскөн. 2009-жылы 32 мамлекеттик ЖОЖ, 20 мамлекеттик эмес ЖОЖ болгон. | ||
өркүндөтүү иштерин да алып барат. Алгачкы жогорку ( | |||
биринчи жогорку мектептер – Колхида (4- | |||
өлкөлөрдө ачылган. | |||
<i> | |||
<i>М. Молдалиева, А. Элебесова.</i> | |||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] |
09:23, 18 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАР (ЖОЖ) – жалпы ж-а атайын орто билимдин негизинде терең фундаменталдуу билимге ээ жогорку квалификациялуу адистерди даярдоочу окуу-тарбия мекемелери. Ага университет, институт, жогорку аскердик окуу жайлар кирет. Айрым учурда ЖОЖ – академия, консерватория, жогорку мектеп, колледж деп аталат. Университеттер жогорку илимий даражага ж-а квалификацияга ээ окутуучулар ж-а профессорлор м-н камсыз болушуна жараша илимдин бакалаврдык, магистрдик, кандидаттык ж-а докторлук даражаларын берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындан тышкары өнөр жайдын, маданияттын ж-а коомдук жашоо-тиричиликтин ар кандай тармактары боюнча адистердин квалификациясын өркүндөтүү иштерин да алып барат. Алгачкы жогорку (философиялык) мектептер б. з. ч. 3–5 кылымдарда Афины м-н Римде пайда болгон. Грузиядагы биринчи жогорку мектептер – Колхида (4-кылым), Икалто, Герм, Гелати (11–12-кылым) академиялары. 13–14-кылымдарда Батыш Европанын бир катар шаарларында университеттер ачылган. 1579-жылы Вильнюс академиясы, 1632-жылы Киев-Могилян академиясы, 1661-жылы Львов ж-а 1669-жылы Загреб университеттери, 1687-жылы Москвада Славян-грек-латын академиясы уюштурулган. 1725-жылы Петербург академиясынын алдында академиялык университет, 1755-жылы М. В. Ломоносовдун демилгеси боюнча Москва университети негизделген. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында ири машина индустриясынын өнүгүшү м-н университеттер, инженердик ж. б. тармактык институттар көп өлкөлөрдө ачылган. Кыргызстанда ЖОЖ Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин пайда болгон. Кыргыз ССРинде биринчи ЖОЖ – Кыргыз мамлекеттик педагогика институту 1932-жылы Фрунзеде ачылган. 1933-жылы зооветеринария институту ачылып, 1938-жылы айыл чарба институтуна айландырылган (к. Кыргыз агрардык университети И. Скрябин атындагы). 1939-ж. сентябрда Фрунзеде Кыргыз мамлекеттик медицина институту (к. Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы И. Ахунбаев атындагы), 1939–40-жылдарда Ош (к. Ош мамлекеттик университети) ж-а Пржевальск (к. Ысык-Көл мамлекеттик университети К. Тыныстанов атындагы) шаарларында мугалимдер институттары уюштурулган. 1945-жылы башталгыч класстардын мугалимдерин даярдап чыгарууга багытталган кыз-келиндер окуу жайы уюшулган ж-а анын базасында 1950-жылы Кыргыз кыз-келиндер педагогика институту түзүлүп, ага 1952-жылы В. В. Маяковскийдин ысмы ыйгарылган (к. Кыргыз мамлекеттик университети И. Арабаев атындагы). Оштогу мугалимдер институтунун базасында 1951-жылы, Пржевальскидеги мугалимдер институтунун базасында 1955-жылы педагогика институттары түзүлгөн. Кыргыз мамлекеттик университети педагогикалык институттун базасында түзүлүп (1951), СССРдин 50 жылдыгы атындагы (1972), кийин Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (2002) аталган. 1954-жылы Фрунзе политехника институту (к. Кыргыз мамлекеттик техникалык университети И. Раззаков атындагы), 1955-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институту (к. Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясы), 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институту (к. Кыргыз мамлекеттик искусство институту Б. Бейшеналиева атындагы) ачылган. Ошондой эле 1979-жылы Фрунзе орус тили жана адабияты педагогика институту (к. Бишкек гуманитардык университети К. Карасаев атындагы, 1994), 1991-жылы Бишкек милиция жогорку мектеби (к. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин академиясы Э. Алиев атындагы, 1999), 1992-жылы Кыргыз архитектуралык-курулуш институту (к. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети Н. Исанов атындагы, 1998), 1991-жылы көркөм-сүрөт колледжи (к. Кыргыз Республикасынын улуттук көркөм-сүрөт академиясы Т. Садыков атындагы, 2004), Кыргызстан эл аралык университети (1991), Кыргыз-Россия Славян университети Б. Ельцин атындагы (1991), Кыргыз-Түрк «Манас» университети (1995), Нарын мамлекеттик университети (1996), Борбордук Азиядагы Америка университети (1998), Кыргыз улуттук консерваториясы К. Молдобасанов атындагы (1998), Талас мамлекеттик университети (2000), Баткен мамлекеттик университети (2002) ж. б. окуу жайлары бар. Ошентип, 1991-жылдан кийин бир нече жаңы ЖОЖдор ачылып, институттардын университетке айланышы м-н ЖОЖдордун ж-а студенттердин саны өстү. Кыргызстандын аймагында 1980–90-жылдарда бардыгы 10 ЖОЖ болсо, 2000–01-окуу жылында республикада ЖОЖдордун саны 40, ал эми студенттердин жалпы саны 188,2 миңди түзгөн, бул болсо 1999–2000-окуу жылына салыштырганда 29,5 миңге көп болгон. 2002-жылы университет, институт, академиялардын саны 46га жеткен. 2002-жылы 54 окуу жайы, анын ичинде 31и – мамлекеттик, 15и – жеке менчик ж-а 8и – КМШ ЖОЖдорунун филиалдары болуп, аларда окутуу кыргыз, орус, казак, өзбек, англис, түрк, тажик, немис тилдеринде жүргүзүлгөн. Коммерциялык ЖОЖ, факультеттер, бөлүмдөр ачылган. 1990-жылга салыштырмалуу 2002–03- окуу жылында контракт м-н окугандардын саны 5,6 эсеге көбөйгөн. Окуу квалификациясында ж-а окутуу процессинде да реформалар жүргүзүлүп, бакалавриат ж-а магистратура пайда болду. Тест, рейтинг системасы, кредиттик саат киргизилген. Кыргызстанда ЖОЖдордун жалпы саны 1994–2004-жылдары 22ден 49га чейин өскөн. 2009-жылы 32 мамлекеттик ЖОЖ, 20 мамлекеттик эмес ЖОЖ болгон.
М. Молдалиева, А. Элебесова.