ЖОЛДОШЕВА: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖОЛДОШЕВА Чолпон Токчороевна (20. 12. 1929-ж. т., Пишпек) – адабиятчы, филология илимд. доктору (1983), КР УИАнын корр. мүчөсү (1984), КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1984), проф. (1993). Ломоносов атн.

Москва мамл. ун-тин бүтүргөндөн (1952) КМУда окутуучу, кафедра башчысы. Окумуштуунун ад-ттын орчун маселерине арналган макалаларында («Русско-киргизские литературные взаимосвязи», «Ч. Айтматов и современный литературный процесс», «Взаимобогощение национальных советских литератур и художественный перевод», «Киргизская литература в контексте русской культуры»), ил. эмгектеринде орус-кыргыз адабий байланыштары, кыргыз профессионал адтынын ж-а адабий процессинин өсүп-өнүгүшүндө орус ад-тынын таасири, бул байланыштарда көркөм котормонун ролу сыяктуу маселелерди көтөрүп, кеңири талдоого алган. Ж. орус ад-тчыларынын, теоретиктеринин эмгектерине таянып, көркөм котормонун сапатын арттыруунун зарылдыгын далилдеген. 100дөн ашуун ил. эмгектин, а. и. 3 монографиянын автору. Данакер ордени (2001) ж-а медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Киргизская проза в русских переводах. Ф., 1977; Современная киргизская повесть и проблемы перевода. Ф., 1981.