ЖОЛОЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖОЛОЙ Боогачы уулу (1888, азыркы Токтогул р-ну, Ничке-Сай айылы – 1934, ошол эле жер) – кыл кыякчы, комузчу. 1932–34-ж. Токтогул р-ндук элдик театрында иштеген. Комузчулук б-ча Токтогулдан таалим алган. Кыл кыякты адамдай сүйлөтүп тарткан. Айрыкча «Байге», «Кер толгоо», «Селкинчек», «Тору кашка ат, ко­куй», «Эски кара күү», «Тайкожонун керөзөн» ж. б. күүлөрдү ийине жеткире аткарган. Ал эми комуз күүлөрүнөн

«Гүлгаакы», «Ан­жыяндыктардын дарты өттү», «Ка­р ач ач - З е й н е п» ,

«Кашка ат жаш кетти», «Эжекем менен жездекем» ж. б. к үү л ө рдү кол ойнотуп черт­кен. 1928-ж. му­зыка и зи лдөө чү А. Затаевич андан 17 күү жазып ал­ган. Алар 1934-ж. Москвадан чык­кан «250 кыргыз­дын күүлөрү жана обондору» аттуу жыйнакка кирген. Ж-дун «Бай­ге», «Карачач-Зейнеп», «Кер толгоо» аттуу күүлөрү «Чолпон», «Саманчы жолу» балеттери­не пайдаланылган.