ГҮЛСТАН ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ (1813): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
04:19, 23 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГҮЛСТАН ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ (1813) – Россия м-н Ирандын ортосунда түзүлгөн келишим. 1813-ж. 24-октябрда Карабактагы Гүлстан кыш-нда кол коюлган. Бул келишим б-ча Дагстан, Грузия, Мегрелия, Имеретия, Гурия, Абхазиянын ж-а Карабак, Ганжа, Ширван, Шекин, Баку, Дервент, Куба, Талыш хандыктарынын Россиянын карамагына өтүүсүнө Иран макул болгон. Россия Каспийде аскер-деӊиз флотун түзүүгө укук алып, эки өлкөнүн соодагерлеринин эркин соода жүргүзүшүнө мүмкүнчүлүк берилген. Ад.: Фадеев А. В. Россия и Кавказ первой трети XIX в. М., 1960.