ЖОШО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖОШО – боёк катары пайдаланылуучу кыз­гылт түстөгү табигый минерал. Ж-го темирдин (гематит), коргошундун (сурик), кээде сымап­тын (киноварь) жаратылыштагы кычкылдары­нан пайда болгон күкүм түрүндөгү минерал зат­тар ж-а кызыл чопо кирет. Өңү күңүрт кызыл, саргыч кызыл, күрөң кызыл. Ж. металлга дат бастырбоо касиетине ээ. Чогундусу жаратылыш­та аз өлчөмдө кезигет. Ж. боз үйдүн кереге, уук, түндүгүн ж-а ээр сыяктуу жыгач буюмдарын боёо үчүн колдонулган. Учурда Ж-дон сурик боёгу даярдалып, сырдоо ж-а сүрөт тартуу иштери­нин бардык түрлөрүндө керектелет.