ГҮЛЧӨ-ДӨБӨ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГҮЛЧӨ-ДӨБӨ – б. з. алгачкы кылымдарына таандык археол. эстелик. Гүлчө кыш-нын (Алай р-ну) аймагында жайгашкан. Алгач бул эстелик 1946-ж. А. Н. Бернштам тарабынан изилденген. Анын айланасы бекемделген чарчы сепил түрүндө экендигин ж-а анын ичинде турак жайдын, чарбактын жайгашкандыгын далилдеп, реконструкциясын жарыялаган. О. эле Караханиддер дооруна (10–12-к.) мүнөздүү маданий катмар аныкталып, ушул доорго мүнөздүү жез м-н күмүштүн аралашмасынан жасалган тыйын табылган. Бул эстелик аскердик чеп же мансаптуу адамдын турак жайы болушу мүмкүн.
О. Солтобаев.