ЖӨРГӨМҮШ СЫМАЛДАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖӨРГӨМҮШ СЫМАЛДАР (Arachnida) – омурт­касыз жаныбарлардын бир классы. Дене уз. 0,1 ммден 17 смге жетип, баш, көкүрөк ж-а курсак бөлүгүнөн турат. Баш көкүрөгүндө 8 көзү, 6 жуп буту бар. 1-жубу (хелицер) азыгын кармап өлтү­рүү, душмандарынан коргонуу, 2-жубу сезүү, калган 4 жуп буту басуу кызматын аткарат.

Жөргөмүш сымалдар: 1 – желе жөргөмүш; 2 – котур кенеси; 3 – чабакчы жөргөмүш; 4 – телифон; 5 – чаян сөрөй; 6 – музоо баш; 7 – чаян.


Курсагынын асты жагында алдыңкы жуп өпкө баштыкчасы, ортосунда дем алуу түтүгү орун алган. Курсагынын артында жайгашкан желе сөөлдөрү бөлүп чыгарган суюк заттар абада кур­гап, ичке жибекке окшогон желе жибин пайда кылат. Бардык Ж. с. (суу жөргөмүштөн башка­сы) кургакта жашайт; сезүү, көрүү, жыт алуу, угуу, желенин кыймылын билүү сезимдери бар. Алардын көбү жырткыч, көбүнчө курт-кумурс­ка м-н азыктанат. Сырткы түзүлүшү, көбөйүү жолдору ар кандай. Эркеги ургаачысынан ки­чине. Ургаачысы жумурткасын желеден жасал­ган пиллага тууйт. Ж. с-дын көбөйүшү метамор­фозасыз. Азыр алардын 13 түркүмү, 60 000дей түрү белгилүү. Бир нече ондогон түрү тукум ку­рут болгон. Бул түркүмдөрдүн ичинен өтө кеңи­ри тарагандары: чаяндар, музоо баштар, чаян сөрөйлөр, чалгы буттар, жөргөмүштөр, кене­лер. Кээ бир түрү түрдүү жугуштуу оору тарка­тат. Кампа кенелери азык-түлүктөргө өтө чоң зыян келтирет. Өзгөчө Борб. Азияда жашаган кара курт м-н чаяндын уусу өтө коркунучтуу. Ж. с-дын көпчүлүк түрү а. ч. зыянкечтерин жеп, пайдалуу.