ГҮЛЧӨ-ДӨБӨ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

04:19, 23 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГҮЛЧӨ-ДӨБӨ – б. з. алгачкы кылымдарына таандык археол. эстелик. Гүлчө кыш-нын (Алай р-ну) аймагында жайгашкан. Алгач бул эстелик 1946-ж. А. Н. Бернштам тарабынан изилденген. Анын айланасы бекемделген чарчы сепил түрүндө экендигин ж-а анын ичинде турак жайдын, чарбактын жайгашкандыгын далилдеп, реконструкциясын жарыялаган. О. эле Караханиддер дооруна (10–12-к.) мүнөздүү маданий катмар аныкталып, ушул доорго мүнөздүү жез м-н күмүштүн аралашмасынан жасалган тыйын табылган. Бул эстелик аскердик чеп же мансаптуу адамдын турак жайы болушу мүмкүн. О. Солтобаев.