ЖУГУШТУУ АНЕМИЯ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖУГУШТУУ АНЕМИ́Я ж ы л к ы н ы н (Anaemia infectiosa equorum) – сыңар туяктуу айбандардын кан пайда кылуучу органдарын дартка чалдыктырып, дайыма кайталанып, калтыратма түрүндө өтүүчү ылаңы. Ж. а-нын козгогучу – курамында РНК бар вирус. Вирус айлана-чөйрөнүн таасирине байымдуу. Ж. а. м-н жылкы, эшек, качыр ж-а пони сыяктуу сыңар туяктуулар ылаңдайт. Жылкылар жашына, жынысына карабастан, өзгөчө кулундар, бээлер тез ылаңдайт. Инфекциянын ылаңдаткычынын уюткусу – ылаңдуу мал. Ылаңдуу малдардан вирус сыртка сийдиги, заңы, көзүнөн, оозу-мурдунан аккан илээшкек суюктуктар, сүтү аркылуу бөлүнүп чыгат. Ылаңды таратуучу факторлорго мите м-н булганган чөп, жем, суу, төшөлгө, тезек ж-а башка айлана-чөйрө объектилери кирет. Ж. а. башка ылаңдардан өзгөчөлүгү – ушул мезгилге чейин алиментардык жол м-н дарттын соо малга берилишинин тактала электиги. Ылаңдуу ж-а соо малдарды бир нече ай бою бирге бакса да, ылаң соо малга жукпайт. Ошол эле мезгилде соо жылкыларга териси аркылуу эң эле аз өлчөмдөгү вирустун кириши (0,01 мл кан же кандын сары суусу) ылаңды пайда кылат. Ылаңды негизинен көгөөн таратат. Ал ылаңдаган малдын канын соруп, соо малга жуктурат. Көгөөндүн денесинде Ж. а-нын вирусу 4 саатка дейре сакталат, бирок көбөйбөйт. Ылаң өтө тез, курч, жетилген, улаарган ж-а тымызын формада өтөт. Ж. а-да лимфоциттердин саны кескин көбөйөт. Ж-да диагнозду эпизоотол. маалыматтардын, клиникалык белгилердин, гематол., патоморфол. ж-а серол. изилдөөлөрдүн негизинде коюлат. Ылаңдаган мал дарыланбайт, союлуп эти жараксыздандырылат. Ылаңдын алдын алуу үчүн пландуу түрдө чарбадагы жылкылардын канын текшерип туруу зарыл. Ж. а. чыккан чарбага чек коюлат. Бул жердеги бардык сыңар туяктуу мал клиникалык ж-а серол. ыкмалар (РДП) м-н ай сайын текшерилет. Д. Раимбеков.