ЖУГУШТУУ РИНОТРАХЕИТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖУГУШТУУ РИНОТРАХЕИ́Т</b> (Rinotracheitis infectiosa bovum) – катуу кармап, калтыратма­ны, жогорку дем алуу жолдорунда катаралдуу­некроздуу сезгенүүнү пайда кылып, көздү, жы­ныс органдарын, | <b type='title'>ЖУГУШТУУ РИНОТРАХЕИ́Т</b> (Rinotracheitis infectiosa bovum) – катуу кармап, калтыратма­ны, жогорку дем алуу жолдорунда катаралдуу ­некроздуу сезгенүүнү пайда кылып, көздү, жы­ныс органдарын, борбордук нерв системасын жабыр­катып, бооз малды бала салууга дуушар кылуу­чу контагиоздуу вирустуу ылаң. Ылаңдаткы­чы – герпесвирус. Табигый шартта бодо мал гана жашына карабастан ылаңдайт. Ылаң коз­гогучунун булагы – ылаңдаган ж-а жаңы айык­кан мал. Алар вирусту сыртка мурдунан, көзүнөн ж-а жыныс мүчөлөрүнөн куюлган суюктуктар, сүт, сийдик, заң, шилекей аркылуу бөлүп чыга­рат. Жугуштуу ринотрахеиттин гениталдык формасы м-н ылаң­даган букалар коркунучтуу, себеби алардын бел суусу м-н вирус 6–19 айга чейин бөлүнүп чыгуу­га жөндөмдүү. Ылаңдап айыккан малда вирус­тун бир нече жылга чейин сактала тургандыгы жөнүндө маалыматтар бар. Ылаң көбүнчө респира­тордук ж-а гениталдык формаларда өтөт, ушу­га ылайык дарт соо малга аба аркылуу (аэро­гендик жол) ж-а контакттык (куудурганда ж. б. учурда) жугат. Чарбада ылаңдын таралышына малды тар аянтчаларга багуу, өтө ысык же тес­керисинче, өтө суук шарт, сапатсыз тоюттанды­руу, желдетүүнүн жакшы иштебеши ж. б. зоо­гигиеналык ченемдердин одоно бузулушу түрт­кү берет. Жугушутуу ринотрахеит жылдын бардык мезгилинде, бирок көбүнчө кыш, жаз айларында кездешет. Ылаңдуулук 30–90% ке чейин жетип, алардын ичинен 1–20% өлүмгө учурайт. Бооз кунаажын­дар ж-а уйлар ылаңдын айынан 6–8 айлыгын­да музоо салышы мүмкүн. Атайын каражаттар­дан алынган гипериммундук сары суу ж-а ооруп айыккан малдын каны же анын плазмасы м-н дарылайт. Ошондой эле антибиотиктер, сульфанила­мид дары-дармеги колдонулат. Ылаңды алдын алуу үчүн тиешелүү вакциналар бар. <i>Д. Раимбеков.</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
<i>Д. Раимбеков.</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | |||
05:31, 11 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
ЖУГУШТУУ РИНОТРАХЕИ́Т (Rinotracheitis infectiosa bovum) – катуу кармап, калтыратманы, жогорку дем алуу жолдорунда катаралдуу некроздуу сезгенүүнү пайда кылып, көздү, жыныс органдарын, борбордук нерв системасын жабыркатып, бооз малды бала салууга дуушар кылуучу контагиоздуу вирустуу ылаң. Ылаңдаткычы – герпесвирус. Табигый шартта бодо мал гана жашына карабастан ылаңдайт. Ылаң козгогучунун булагы – ылаңдаган ж-а жаңы айыккан мал. Алар вирусту сыртка мурдунан, көзүнөн ж-а жыныс мүчөлөрүнөн куюлган суюктуктар, сүт, сийдик, заң, шилекей аркылуу бөлүп чыгарат. Жугуштуу ринотрахеиттин гениталдык формасы м-н ылаңдаган букалар коркунучтуу, себеби алардын бел суусу м-н вирус 6–19 айга чейин бөлүнүп чыгууга жөндөмдүү. Ылаңдап айыккан малда вирустун бир нече жылга чейин сактала тургандыгы жөнүндө маалыматтар бар. Ылаң көбүнчө респиратордук ж-а гениталдык формаларда өтөт, ушуга ылайык дарт соо малга аба аркылуу (аэрогендик жол) ж-а контакттык (куудурганда ж. б. учурда) жугат. Чарбада ылаңдын таралышына малды тар аянтчаларга багуу, өтө ысык же тескерисинче, өтө суук шарт, сапатсыз тоюттандыруу, желдетүүнүн жакшы иштебеши ж. б. зоогигиеналык ченемдердин одоно бузулушу түрткү берет. Жугушутуу ринотрахеит жылдын бардык мезгилинде, бирок көбүнчө кыш, жаз айларында кездешет. Ылаңдуулук 30–90% ке чейин жетип, алардын ичинен 1–20% өлүмгө учурайт. Бооз кунаажындар ж-а уйлар ылаңдын айынан 6–8 айлыгында музоо салышы мүмкүн. Атайын каражаттардан алынган гипериммундук сары суу ж-а ооруп айыккан малдын каны же анын плазмасы м-н дарылайт. Ошондой эле антибиотиктер, сульфаниламид дары-дармеги колдонулат. Ылаңды алдын алуу үчүн тиешелүү вакциналар бар. Д. Раимбеков.