ЖУГУШТУУ ЫЛАҢДАР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖУГУШТУУ ЫЛАҢДАР эволюциянын таасири м-н жаныбарлардын организминде мителик кылууга жөндөмдүү болгон патогендүү микроорганизмдерден пайда болот. Алар ылаңдаган малдан соо малга, кишиге жугууга жөндөмдүү,
өсүп-өнүгүүсү бир канча баскычта өтөт, макроорганизмде спецификалык реакцияларды (антителолорду, аллергияны) пайда кылат, көпчүлүк учурда иммунитетти пайда кылуучу касиетке ээ. Ж. ы-дын бир тобу жаныбардан адамга жугат. Ж. ы. жаныбарлардын продукттуулугу төмөндөйт, өлүмгө учурайт, алардын алдын алуу ж-а дарылоо үчүн бир кыйла каражат зарп кылынып, экон. чоң зыянга дуушар кылат. Ж. ы. жапайы ж-а а. ч. жаныбарын жабыркатат. Бирок, чарбалык, экон. шарттардын көп кырдуулугуна ж-а климатка байланыштуу бардык жерде
бирдей кездешпейт. Ж. ы-га эпизоотиялык процесс таандык. Ж. ы-дын пайда болушунун,
өнүгүшүнүн, таралышынын бир топ себеби бар.
Аларга тукум куугучтук, жаныбарлардын жашы, тукуму ж-а организминин жалпы абалы кирет. Ж. ы-ды изилдөөнү ж-а ага каршы күрөшүүнү жеңилдетүүчү 10дон ашык классификациясы бар. Ж. ы. клиникалык белгилеринин өнүгүүсү б-ча бир канча түрдө өтөт: өтө тез, курч, жетилген, улаарган (создуккан, өнөкөт). Ж. ы-дын диагнозу эпизоотол., клиникалык, патанат., гистол., бактериол., вирусол., иммунол. комплекстүү изилдөөлөрдүн негизинде коюлат.
Д. Раимбеков.