ЖУЗЖАНИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖУЗЖАНИ , А б у О м а р О с м а н и б н М у х а м м е д а л - М е н х а д ж а д - Д и н б и н С и р а д ж а л - Ж у з ж а н и (1193, Иран – ө. ж. б.) – фарсы тарыхчысы. Түн. Афганстан­дын Фирузкух, Басмиян Гур султандарында катчы болуп кызмат кылган. Моңголдордун жор­туулунда (1226) Индияга качып барып, мамлюк султандарынын тушунда Делиде казылык кыз­мат аткарган. 1260-ж. Ж. байыркы замандан 1253/60-жылдарга чейинки тарыхый окуялар­ды камтыган «Табакат-и Насири» аттуу эмге­гин жазган. Анда Иран, Индия, О. Азияга ж-а моңгол чапкынына байланыштуу маалымат­тар бар. Т. Жуманалиев.