ЖУМАКАЕВА: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖУМАКАЕВА Тамара (5. 5. 1942‚ Нарын обл.‚ Нарын р-ну‚ Куланак айылы – 2. 3. 2001‚ Нарын ш.) – Кыргыз CCР эл арт. (1984). 1956–60-ж. М. Күрөңкөев атн. муз. окуу жайында окуган.

1960-ж. Нарын обл. муз. драма театрына кабыл алынган. Анда өмүрүнүн акырына чейин 41 жыл эмгектенип, театрдын профессионалдык деңгээлинин өсүшүнө салым кошкон. Күкүя (К. Маликов‚ «Алмаш»)‚ Жыпаргүл (Т. Абдымомунов‚ «Атабектин кызы»)‚ Ханума (Цагарелли, «Ханума»), Чыйырды (Т. Актанов, «Теңири Манас»), Акбара (Ч. Айтматов‚ «Кыямат»)‚ Курманжан датка (К. Иманалиев‚ «Курманжан датка»), Найман эне («Кылым карытар бир күн») ж. б. көптөгөн образдарды жаратып, залкар актриса катары таанылган. Ал Ж. Шералиев‚ К. Тагаев‚ З. Иманалиев‚ Э. Мааданбеков, К. Абылов, К. Жусупов ж. б. белгилүү обончулардын ырларын мыкты аткарган. Ж. чебер уз катары да белгилүү. Медалдар м-н сый-

ланган. Анын чыг-лык жолу тууралуу Д. Абдылдаеванын «Эл кызы – Нарын жылдызы» аттуу китеби жарык көргөн (1996).
К. Иманалиев.