ЖУМАШОВ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖУМАШОВ Жолон [1943, Талас обл., Ленинполь (азыркы Бакай-Ата) р-ну, Покровка айылы – 29. 1. 2000, Боо-Терек айылы] – генералмайор (1998). Ташкент Жогорку аскердик командалык окуу жайын (1965), Москвадагы М. В. Фрунзе атн. аскер академиясын (1981) бүтүргөн. 1965–69-ж. Закавказье аскер округунда, 1976–77-ж. Кыргыз ССР Куралдуу Күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн. 1978–89-ж. Фрунзе ш-ндагы Ленин р-ндук аскер комиссариатында 1-бөлүмчөсүнүн башчысы – аскер

комиссарынын орун басары, 1989–90-ж. Кыргыз ССР ИАнын Бийик тоо физиологиясы ж-а эксперименттик патология ин-тунун директорунун жалпы маселелер б-ча орун басары, 1990– 94-ж. Кыргыз тамак-аш ө. ж-нда чарбалык бөлүмдүн башчысы, 1994–99-ж. КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн аткычтар, мотоаткычтар бөлүгүндө взвод, рота командири, батальондун командиринин орун басары, Ош обл. аскер гарнизонунун башчысы, 1999–2000-ж. Ош обл. аскер комиссары болуп иштеген. Медалдар м-н сыйланган.