ЖУНУШОВ 1: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖУНУШОВ Асанкадыр Темирбекович (1. 3. 1949-ж. т., Ысык-Көл обл., Тоң р-ну, Бөкөнбаев айылы) – ветеринария илимд. доктору (1991), проф. (1998), КР УИАнын корр. мүчөсү (2010),

КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (2002). Россия А. ч. ИАнын (2007) ж-а бир нече коомдук ИАнын академиги. К. И. Скрябин атн. КАЧИ-ни (1972), Кырг-н мал чарба ж-а ветеринария ИИИнин аспирантурасын бүтүргөн (1975). 1972–74-ж. Кырг-н мал чарба ж-а ветеринария ИИИнин майда жандыктарды багуу (виварий) бөлүмүнө башчы, 1975–78-ж. улук ил. кызматкер, 1978– 87-ж. мамл. кызматта иштеген. 1987–93-ж. – КРдин Мамл. башкы вет. инспектору, Кыргыз агро-ө. ж. к-тинин Ветеринария департаментинин генералдык директору. 1993–2000-ж. К. И. Скрябин атн. КАУда проф. 2000-жылдан КР УИАнын Биотехнология ин-тунун директору. Биотехнология ж-а мал патологиясы б-ча адис. Эмгектери мал өстүрүү ж-а өтө жугуштуу ылаңдардан арылтуу маселелерине арналган. 200дөн ашык ил. эмгектин автору.
Эмг.: Пути повышения продуктивности скота на молочно-товарных фермах и комплексах Киргизской ССР (в соавторстве). Ф., 1980; Ветеринарная экономика и менеджмент. Б., 2001.