ВАН ЧУН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

(б. з. 27, Шанъюй уезди, азыркы Чжэцзян провинциясы – 100-ж. ч.) – кытай философу-энциклопедисти. Анын таржымалы «Хоу Хань шу» («Соӊку Хань ж-дөгү китеп») деген династиялык тарыхка киргизилген. В. Ч-нун бирден-бир сакталып калган эмгеги – «Лунь Хэн» («Ой жүгүртүүлөрдү теӊдештирүү») деген китеби атаандаш филос. көз караштарды бирине бирин салыштыруу ыкмасында жазылган. В. Ч-дун философиясынын мааниси – башкы филос. мектептердин эч кайсынысына кирбеген, эч кимди туурабаган, нукура окууну түзгөндүгүндө эмес, ал философтордун стилине, б. а. көзүнө карабай сындоону, тажрыйбага ж-а илимдеги маалыматтарга дайыма таянып иштеп чыккан стили менен айырмаланган. Дүйнөнүн баарына текши бирдейлиги «асман-жер» үрөнүнүн өткөрө назик табиятын көрсөткөн ж-а да өзүн-өзү жараткан материалдык, рухий көрүнүштөрдүн негизинде жаткан универсалдуу, зарделдүү уӊгу-негиз (субстанция) – «дем башаты» (ци) м-н шартталган. Ал эми «дем башаты» өзгөрбөс жазмышты – «жекече табиятты» алып жүрүүчү катары адам аркылуу ишке ашат. В. Ч. адамзат коомунун тарыхын өкүмдарлардын сапаттарына байланышпаган «маданият» үстөмдүктөрүнүн ж-а козголоӊ дорунун мерчемдүү кайталанма алмашуусу катары караган.