ЖУҢГАР ХАНДЫГЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖУҢГАР ХАНДЫГЫ (1635–1758) – 17-к-дын 1-жарымында Батыш Моңголияда түзүлгөн ойрот мамлекети. Тарыхый маалыматтар б-ча
oyir-a (жакын), derben (төрт) деген түшүнүк м-н 15-к-да ойроттор же «чорос» (жорос), «хошут» (хошоут), «тыргоот» (торгоут), «дөрбөт» (дербет) аталган төрт чоң уруу өз алдынча этностук, саясий конфедерация түзүшкөн деп айтылса, экинчи көз караш б-ча ойрот «токой адамдары» дегенди билдирет. Адегенде моңгол урууларынын ханы – Чыңгыз хандын тукумуна баш ийип, 16–17-к-да чыгышынан моңгол хандары, батышынан Моголстан мамлекети м-н тынымсыз күрөш жүргүзүп турган. 16-к-дын аягында Иртыш д-нын жогору жагында тайшы (князь) Саин-Сэрден башында турган тыргоот уруусу, батышында Каракулдун (Кара-Кула) кол алдындагы чоростор, аларга жакын Саин-Тэбенеге караштуу дөрбөттөр, Нарынколдо (Алтай) Байбагыш (Байбагас) ханга тиешелүү хошуттар турушкан. 1619–21-ж. халхас ханы Жолой-Уубашы (Алтан хан) коңтаажы, 1628–29-ж. анын баласы Омбо-Эрдене бул урууларга чабуул коюп, аёосуз кырган. Натыйжада тыргооттор м-н дөрбөттөрдүн көбү Волга жээгине жер которуп кетишкен (к. Калмакстан). 17-к-дын орто ченинде алардын түш.-батышындагы коңшусу Моголстанда саясий бытырандылык башталып, майда хандыктар м-н султандыктардын түзүлүшү, чыгышында жайгашкан Халха хандыгынын алсырашы, түш. жагындагы күчтүү хандык – Чахар хандыгынын жоюлушу ойроттордун күчтөнүшүнө алып келген. 1634-ж. Каракул өлүп, анын ордун уулу Куту-Көчүн баатыр (Хуту-Коцин-Батур) ээлеп, жаңы хандык негизделет. 1640-ж. ойрот конфедерациясына кирген уруу-

лар Тарбагатайда курултай өткөрүп, жаңы мамлекеттин негизин түзгөн «Жалпы моңгол-ойрот мыйзамын» («Цааджин бичиг») кабыл алган. Хандык бийлик чексиз болуп, атадан балага мурас катары калган. Куту-Көчүн өлгөндөн кийин (1653) артында он бала калып, ордуна ортончу уулу Сеңге отурган. Алар эки жаатка бөлүнүп, Байбагыш хандын уулу Аблай-тайшылар «Оң жак хандыкты» («Баруң кар»; калмак тилинде
«баруң» – оң, «кар» – кол, каруу) түзүшкөн.
Ага жооп кылган Сеңге тарабындагылар же «Сол

жак хандык» («Жуңгария»; «зуң» – сол, ошол кездеги орус документтери б-ча «зюнгарлар», «Зюнгария») деген атка ээ болгон. Ж. х. күчтөнө баштаганда, Жолой-Уубашы түзгөн Алтан-хан мамлекети жоюлган (1667). Сеңге бир туугандары Баатыр, Чечен тайшылар колдуу болуп өлгөндө, анын ордун башка бир тууганы Галдан Бошокту (1671–97) алат. Ж. х. Араптандын (Цеван-Раптан) тушунда (1697–1727) аябай өнүккөн. Ал Далай-ламанын колунан «Эрдене- Жүрөктүү-Баатыр коңтаажы» (Эрдени-Журюкту-Батыр-контайши) деген наам алган. Андан кийинки Ж. х-н Галдан Цэрен (1727–45), Цеван-Доржи Намжил Ажа-хан (1745–50), Лама Доржи (1750–53), Дабачы (1753–55), Амирсаналар (1755–57) башкарган. Азыркы Кырг-н, Өзбекстан, Казакстан жайгашкан жерлер Ж. х. тарабынан 1643-, 1658-, 1681–84-, 1711–12-, 1714-, 1717-, 1723-, 1725-, 1739–41-ж. аёосуз чабуулдарга дуушар болгон. Галдан Цэрен өлгөндөн кийин негизинен кыргыз, казактардын, өзгөчө Цин империясынын кийлигишүүсүнөн улам ж-а ич ара карама-каршылыктардын күчөшү, саясий-экон. кризистер Ж. х-н алсыроого алып келген. 1758-ж. Ж. х. күч м-н Цин империясынын курамына киргизилген.
Ад.: Златкин И. Я. История Джунгарского ханства (1635–1758 гг.). 2-е изд. М., 1983; Бичурин Н. Я.
Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.; Л., 1950, Т. 1; Голстунский К. Ф. Монголо-ойратские законы 1640 г. СПБ., 1880; Моисеев В. А. Джунгарское ханство и казахи. А., 1991; Сапаралиев Д. Взаимоотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами в XVIII веке. Б., 1995. Э. Турганбаев.