ЖУСАЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖУСАЕВ Жолдош (23. 7. 1934, Ысык-Көл обл., Түп р-ну, Тепке айылы – 16. 11. 2001, Кара­кол ш.) – тилчи, кыргыз ж-а англис филология­сы, салыштырма тил илими б-ча адис, филоло­гия илимд. доктору (2001), проф. (1993). Прже­вальск пед. окуу жайын (1953), КМУнун фило­логия ф-тин бүтүргөн (1959). ОМПИде окутуу-

чу, кафедра башчысы, КМУнун ага окутуучусу, декан (1967–82), Кырг-н КП БКнын чет өлкөлөр м-н бай­ланыш секторунун башчы­сы (1982–87), В. Маяковс­кий атн. ККПИнин окуу иштери б-ча проректору (1987–88), КМУнун Прже­вальскидеги филиалынын директору (1988–91), К. Ты­ныстанов атн. Ысык-Көл мамл. ун-тинин ректору (1991–98), ошол эле окуу жайдын Чет тилдер ин-тунун директору (2000–01). 60тан ашуун ил. эмгеги бар. Медалдар м-н сыйланган.


Эмг.: Языковая категория модальности и модальные значения, выраженные изьявительным наклонением в современном кыргызском языке. Б., 1992; Грам­матические средства выражения категории модаль­ности в современном кыргызском языке. Б., 2000.