ЖУТ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖУТ (Corchorus) – жөкө дарактар тукумундагы өсүмдүк уруусу. Анын 40ка жакын түрү бар. Азия, Африка, Америка, Австралиянын тропик аймактарында өсөт. Була алуу үчүн тоголок ж-а сүйрү мөмөлүү эки түрү өстүрүлөт. Өсүмдүктүн бийикт. 3,5 мге чейин. Кезектешип жайгашкан сүйрү жалбырагынын тегереги тиш сымал. Гүлү майда, сары, эки жыныстуу. Мөмөсү – чанак. Уругу майда, түсү күрөң, боз же жашыл. Жарык, жылуу ж-а нымдуу жерде жакшы өсөт. Ж-тун буласы тех., таңгактоочу ж. б. кездемелерди, килем жасоодо кеңири колдонулат. Кур-

гак сабагынан 20–25% була чыгат. Мекени – Индия. Ж-тун жалбырагы тамак-ашка пайдаланылат. Орт. түшүмдүүлүгү гектарынан 15,7 ц. Ж-ту дүйнө б-ча Индия, Пакистан ж-а Бангладеш арбын өстүрөт. КМШ өлкөлөрүнөн О. Азияда бир аз аянтта сүйрү мөмөлүү Ж-тун сорттору өстүрүлөт. Ар бир гадан орт. 95–100 ц кургак сабак алынат. Буласын алуу үчүн өсүмдүктөрдүн 50%инде биринчи кутуча пайда болгондо жыйналат. Бооланган сабактар кургатылып, иштетүү үчүн була з-дуна жөнөтүлөт.