ЖУУКУ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖУУКУ ӨРӨӨНҮ Тескей Ала-Тоонун түн. капталында жайгашкан. Жууку суусунун алабын ээлейт. Жети-Өгүз р-нунун аймагында. Уз. 49 км, туурасы 0,3–4,0 км. Деңиз деңг. 1800–4300 м бийикте. Төрү – байыркы мөңгүлөрдүн таасиринен калыптанган тепши сымал өрөөн. Жууку суусунун бир курамы – Дүңгүрөмөнүн капчыгайы

түн.-чыгыштан батышты карай Тескей Ала-Тоонун суу бөлгүчүнө жарыш 25 кмге созулат. Дүңгүрөмө м-н Ашуу-Суу кошулгандан кийин Ж. ө. түндүккө багытталып, терең капчыгайдын бүткөн жеринде кызыл түстүү неоген тектерин аралап, Ысык-Көл ойдуңуна чыгат. Башталышы м-н орто чени кокту-колоттуу келип, бийик зоолор м-н курчалган. Айланасындагы тоолордун өрөөндүн таманынан салыштырмалуу бийикт. 800–1200 м. Өрөөндөгү мөңгүлөрдүн жалпы аянты 49,2 км2. Ысык-Көлдүн таасиринен жайы салкын, кышы анча суук эмес. Январдын орт. темп-расы –11°С, июлдуку 10,5°С. Жылдык жаан-чачыны 700–800 мм. Негизги суусу – Жууку (куймалары: Ит-Тиш, Ашуу-Кашка-Суу, Жуукучак ж. б.). Байыркы муз каптоодон пайда болгон 11 көл бар. Эң ириси – Жууку ашуусунун этегиндеги Чоконун көлү (аянты 0,72 км2). Тоо этегиндеги ж-а көл кылаасындагы кургак талаа акырындап бадал аралаш шалбаалуу талаага, андан бийигирээк карагай тилкесине субальп ж-а альп шалбаасына, субнивалдык, нивалдык-гляциалдык ландшафттарга өтөт. Карагай токою (2100–2200 мден 2800–2900 мге чейин) тескейинде ж-а капчыгайдын таманы м-н оң капталында жыш өсөт. Сол капталы жапалак арча ж-а ксерофиттүү талаа өсүмдүктөрү м-н капталган. Шаркыратмалуу, калың карагайлуу кооз ландшафтынын рекреациялык мааниси чоң. Өрөөн – мамл. заказник. Ж. ө. аркылуу байыркы мезгилде кербендер жүрүүчү, кийин Ысык-Көл өрөөнүн сырттагы жайлоолор м-н байланыштырган мал айдалуучу жол өтөт.