ЖҮГӨРҮ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖҮГӨРҮ , м а и с (Zea mays L.) – дан өсүмдүктөр тукумундагы бир жылдык өсүмдүк; баалуу азыктүлүк ж-а тоют өсүмдүгү. Данынын түзүлүшү ж-а морфол. өзгөчөлүгү б-ча 9 ботан. топко бөлүнөт: кремнийлүү, тиш сымал, чала тиш сымал, крахмалдуу, крахмал-канттуу ж. б. Ж. Борб. ж-а Түш. Америкадан таралган. Европага 15-к-дын аягында алып келинген. Россияда 17-к-дан эгилет. КМШ өлкөлөрүндө бардык жерде, айрык ча Украи на, Мол дав и я , К ав - каз, О. Азияда (а. и . К ырг-нда)

өстүрүлөт. Ж. – бир үйлүү, айрым жыныстуу топ гүлдүү, түз сабактуу өсүмдүк. Сабагынын бийикт. 50–80 смден 5–6 мге чейин. Чачы тамыры жыш, жерге 100–150 см кирет. Сабагынын түбүнөн жоон, катуу таяныч тамыр өсүп, сабагын ийилүүдөн, сынуудан сактайт. Жалбырагы жазы, тасма сымал узун, учу ичке; кезектешип жайгашат. Аталык гүл – чачык сабактын кылда учунда, энелиги сото байлайт. Мөмөсү – дан. 1000 данынын салм. 50–1100 г, көбүнчө 100–400 г. Данында 9–17% белок, 4–6% май (түйүлдүгүндө 40%), 65–70% углевод, А провитамини болот. Вегетация мезгили 90–150 күн. Ж. жарык, жылуу жерде жакшы өсөт. Которуштуруп эгүүдө дан эгиндери, көп жылдык чөп, отолмо өсүмдүктөрдөн кийин айдалып, бир га жүгөрү аянтына 90–180 кг азот, 45–180 кг фосфор, 30– 180 кг калий жер семирткичи чачылат. Ж-нүн данынан акшак, ун, крахмал, спирт, аралаш тоют, май алынат. Көк бакалынан силос, көк тоют; сабагы м-н сотосунан кагаз, линолеум, вискоза ж. б. даярдалат. Кырг-нда эгилүүчү негизги сорттору ж-а гибриддери: Краснодар 5ТВ, Чүй 466, Чүй 62ТВ, Чүй 47, Вир-42. Зыянкечтери: швед чымыны, жалбыракчы жүгөрү үкүчөсү,
жылдыз курт ж. б. Илдеттери: фузариоз, нигроспороз, сото нигроспорозу.
Ад.: Культурная флора СССР. Т. 6: Кукуруза. М., 1982; Памятка по индустриальной технологии возделывания кукурузы. 1981.