ЖҮГӨРҮ БАСТЫРГЫЧ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖҮГӨРҮ БАСТЫРГЫЧ – жүгөрү данын сотосу­нан ажыратып, тазалоочу машина. Анын не­гизги тетиктери: рама, барабан, желдеткич, бөлүүчү бөрк, дан шнеги, жүрүүчү дөңгөлөк, мар­дек транспортёру ж-а калбырлуу такта. Жүгөрү сотосу кабылдоочтон майдалагыч чөмүчкө бе­рилет, андан барабандын тиштерине келет. Со­толор барабанда бири-бирине сүрүлүп, даны ажырайт да, желдеткич аркылуу мардеги өзүн­чө, даны өзүнчө бөлүнөт. Электр кыймылдат­кычынан иштейт. КМШ өлкөлөрүндө МКП-3,0, БП-6М ж. б. маркадагы Ж. б-тар чыгарылат. Саатына 6 т жүгөрү данын бастырат.