ЖҮГҮНҮҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖҮГҮНҮҮ – эки колун бооруна алып, башын ийе эңкейип, таазим этүү салты. Келин кайын ата-энесине, кайын ага-жеңелерине, кайын эжежезделерине, күйөөсүнүн улуу туугандарына учурашуу иретинде күнүгө бир жолу (биринчи кезиккенде) Ж-гө милдеттүү болгон. Жүгүнткөн улуу кишилер ага алик алган жооп катары «Тилегиңди берсин» деп алкоо айтышып, «Алдыңды бала бассын, артыңды мал бассын. Алганың м-н тең кары, ак жоолугуң башыңан түшпөсүн» ж. б. бата беришкен. Күйөө биринчи жолу кайын журтунун үстүнө жүгүнүп кирет. Ж. сыяктуу учурашуу салты дүйнө элдеринде да кездешет.