ЖҮНДҮБАЕВА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖҮНДҮБАЕВА Нинакан (20. 10. 1917, Нарын обл., Кочкор р-ну, Тогуз-Булак айылы – 24. 4. 2003, Бишкек) – акын, Кыргыз эл акыны (1993), Кыргыз ССРинин мад-тына эмг. сиң. кызмат­кер (1977).

1929–34-ж. На­рын ш-ндагы балдар үйүндө т арби я л анган. 1936-ж. Кырг-н КП БКнын алдын­дагы, 1956-ж. Алматыдагы респ. парт. мектепти бүтүр­гөн. 1936–40-ж. Кочкор, Жумгал р-ндорунда муга­лим, 1940-ж. комсомолдун Жумгал райкомунун 1-сек­ретары болгон. 20 жыл парт. жооптуу кызматтарда: рай­комдун секретары, райаткомдун төрагасы, обл. аткаруу к-ттин бөлүм башчысы, 1959–65-ж. «Тянь-Шань правдасы» гезитинде бөлүм башчы, Нарын обл. драма театрында директор, 1965– 72-ж. Кырг-н жазуучулар союзунун Нарын обл. б-ча адабий кеңешчиси болуп иштеген. Чыг­лыгы 1950-жылдардын 2-жарымынан баштал­ган. «Алтын күз» аттуу алгачкы ыры 1957-ж. «Ленинчил жаш» гезитине жарыяланып, коом­чулукка акын катары таанылган. Анын чыг­лык дүйнөсүндө негизги орунду энелердин, бал­дардын турмушу ээлейт. Туңгуч ыр жыйнагы «Алгачкы жаңырык» деген ат м-н 1960-ж. жа­рыкка чыккан. «Мурас» аттуу лирика-эпикалык поэмасы поэтикалык табылгасы болуп саналат. Акын бул поэмасында кыргыз элинин нукура турмушун, чабандык кесипти атадан балага му­рас кылган үй-бүлөнүн тагдыр-таржымалын баяндайт. «Узатуу» (1960), «Ишенем», «Өнөр» (1963), «Бөбөктөр дүйнөсүнөн», «Эне тилеги» (1967), «Таңдагы гүлдөр» (1971), «Ата журт күү­лөрү» (1975), «Менин карындашым» (1977), «Ме­нин каармандарым» (1981), «Үмүтүм түгөнбөйт» (1983), «Кең дүйнө» (1985), «Чынар терек» (1987), «Эне дүйнөсү» (1994), «Кызыл өрүк» (2000) ж. б. ыр китептердин автору. Ондон ашуун пьесала­ры, көптөгөн публ. макалалары жарык көргөн. Анын 60тан ашык ырына («Грейдерчи жигит­ке», «Ой, уул ай», «Атама ант», «Энеме», «На­рын», «Келчи биздин айылга», «Кызыл өрүк», «Эсте энелер» ж. б.) обон жазылган, көптөгөн ырлары орус, казак, өзбек, түркмөн, тажик, якут, эстон ж. б. элдердин тилдерине которул­ган. Ысмы Кочкордогу Кара-Коо орто мектеби­не ыйгарылган. «Ардак Белгиси» ордени ж-а ме­далдар м-н сыйланган.