ЖҮРӨК АСТМАСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖҮРӨК АСТМАСЫ</b> – жүрөктүн иштеши начар­лагандыктан, кан өпкөдө көпкө кармалып, газ алмашуу бузулуп, канда көмүр кычкыл газдын көбөйүшү дем алуу борборун дүүлүктүрүп, дем кыстыктыруучу оору. | <b type='title'>ЖҮРӨК АСТМАСЫ</b> – жүрөктүн иштеши начар­лагандыктан, кан өпкөдө көпкө кармалып, газ алмашуу бузулуп, канда көмүр кычкыл газдын көбөйүшү дем алуу борборун дүүлүктүрүп, дем кыстыктыруучу оору. Жүрөк астмамсы <i>миокарддын инфарк­ты, жүрөктүн ишемия оорусу,</i> жүрөктүн толто кемтиги, <i>гипертония оорусу</i> ж. б-дан болушу мүмкүн. Жүрөк астмасы канды сол карынчадан толтого түртүү начарлаганда болот деп божомолдонот. Физикалык ж-а психикалык күч келүүдөн приступ кар­машы мүмкүн. Ал көбүнчө түнкүсүн кармайт: оорулуу капыстан деми кыстыгуудан ойгонот, башын көтөрүп турууга мажбур бо­лот. Деми кыстыкканы улам кү­чөп, жөтөлөт, көбүктүү какырык чыгат. Алы кетип, чабалактап, муз­дак тер басып, териси кара көк тар­тат. Оор учуру өпкө күпчөгүн пайда кылат. Жүрөк астмасы оорулуунун өмүрүнө коркунучтуу болгондуктан, тез да­рылоо талапка ылайык. Оорулууну бутун салаңдатып отургузуп, тере­зени ачып, таза аба м-н дем алды­руу зарыл, мүмкүн болсо кычкыл­тек жаздыкчасы аркылуу дем алды­рып, дароо тез жардам чакыруу керек. Дарылоо өз убагында баш­талса, натыйжалуу болот. Жүрөк астмасынын алдын алуу үчүн жүрөк ишин на­чарлатуучу ооруларды өз убагында ж-а системалуу түрдө дарылоо за­рыл. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
чыгат. Алы кетип, чабалактап, муз­дак тер басып, териси кара көк тар­тат. Оор учуру өпкө күпчөгүн пайда кылат. | |||
10:36, 15 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖҮРӨК АСТМАСЫ – жүрөктүн иштеши начарлагандыктан, кан өпкөдө көпкө кармалып, газ алмашуу бузулуп, канда көмүр кычкыл газдын көбөйүшү дем алуу борборун дүүлүктүрүп, дем кыстыктыруучу оору. Жүрөк астмамсы миокарддын инфаркты, жүрөктүн ишемия оорусу, жүрөктүн толто кемтиги, гипертония оорусу ж. б-дан болушу мүмкүн. Жүрөк астмасы канды сол карынчадан толтого түртүү начарлаганда болот деп божомолдонот. Физикалык ж-а психикалык күч келүүдөн приступ кармашы мүмкүн. Ал көбүнчө түнкүсүн кармайт: оорулуу капыстан деми кыстыгуудан ойгонот, башын көтөрүп турууга мажбур болот. Деми кыстыкканы улам күчөп, жөтөлөт, көбүктүү какырык чыгат. Алы кетип, чабалактап, муздак тер басып, териси кара көк тартат. Оор учуру өпкө күпчөгүн пайда кылат. Жүрөк астмасы оорулуунун өмүрүнө коркунучтуу болгондуктан, тез дарылоо талапка ылайык. Оорулууну бутун салаңдатып отургузуп, терезени ачып, таза аба м-н дем алдыруу зарыл, мүмкүн болсо кычкылтек жаздыкчасы аркылуу дем алдырып, дароо тез жардам чакыруу керек. Дарылоо өз убагында башталса, натыйжалуу болот. Жүрөк астмасынын алдын алуу үчүн жүрөк ишин начарлатуучу ооруларды өз убагында ж-а системалуу түрдө дарылоо зарыл.