ЖЫГАЧ ООЗ КОМУЗ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫГАЧ ООЗ КОМУЗ – кыргыздын эң байыркы тилдүү какма муз. аспабы. Ал сары жыгач‚ жылгын‚ шилби ж. б-дан сызгычтай жукартылып‚ ортосуна өзүнөн тил чыгарылып жасалат. Тилдин түп жагы ичке көзөлүп‚ жип тагылат. Ж. о. к-дун жаагын эрин-

дин арасына коомай коюп‚ тилине бекитилген жипти кагуу аркылуу үйлөп (же дем тартып) ойнолот. Уз. 15–20 см‚ туурасы 2‚2–5 см‚ жукалыгы 1‚5 см‚ тилинин уз. 10–15 см‚ жиби 25–30 см. Эл арасында 3–4 түрдө жасалышы белгилүү. Доошу жапыз. Көбүнчө обон-күүлөр аткарылат. Жыгач ооз комузчулар ансамбли Ала-Бука р-нунда (жетекчиси Ш. Жоробекова, 1969)‚ Ош пед. ин-тунда (1975) уюшулган. «Камбаркан» этногр. фольклордук ансамблинде‚ «Ордо сахна»‚ «Азадабегим» фольклордук топторунда ойнолуп жүрөт‚ жеке да аткарылат.