ЖЫРГАЛАҢ ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНДЕРИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖЫРГАЛАҢ ПОЛИМЕТА&#769;ЛЛ КЕНДЕРИ</b> Ысык-
<b type='title'>ЖЫРГАЛАҢ ПОЛИМЕТА&#769;ЛЛ КЕНДЕРИ</b> Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан. Каракол шаарынан чыгыш тарапта, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы Жыргалаң, Каркыра суулары&shy;нын аралыгында. Мында ондон ашык кен бар (Эки-Чат, Чаар-Кудук, Үч-Кашка, Каркыра, Таш-Дөбө, Темир-Төр-Булак, Жогорку Жырга&shy;лаң ж. б.). Айрым кендери (Чаар-Кудук ж. б.) жергиликтүү элге илгертен белгилүү болсо да, көпчү&shy;лүгүнө геологиялык чалгындоо 1950–60-жылдары гана жүргүзүлгөн. Аймагында каледон интрузияла&shy;ры, ордовиктеги метаморфизмделген тектер, де&shy;вондогу жанартоо, таш көмүр мезгилиндеги чөкмө тектер жатат. Морфологиясы, түзүлүшү ж-а курам өзгөчөлүктөрү боюнча кендер эки топко бөлүнөт. Биринчисине Темир-Төр-Булак, Жогор&shy;ку Жыргалаң ж. б. кендер кирет. Булар тек&shy;тоникалык жаракалардын брекчияланган аймакта&shy;рындагы кварц ж-а кальцит тарамдарында кез&shy;дешет. Экинчиси – акиташ тектери (калыңды&shy;гы 40–80 <i>м</i>) м-н байланышкан стратиформдук кендер. Алардын ичинен эң негизгиси ж-а жак&shy;шы изилденгени Эки-Чат, Чаар-Кудук, Таш- Дөбө. Мында жездүү ж-а коргошундуу геологиялык эки горизонт кезигет. Халькопирит, борнит, халько&shy;зин минералдары бар жездүү горизонт акиташ катмарларынын төмөнкү жагында (калыңды&shy;гы 3,5 <i>м</i>) жездин кондициялык өлчөмү 1%ке жетет. Анын үстүндө коргошундуу горизонт жа&shy;тат, калыңдыгы 0,5–5,0 <i>м</i>. Коргошундун өлчөмү 0,5–5,6%. Кенташ негизинен галенит, кээде сфа&shy;лерит, халькопирит минералдарынан турат. Га&shy;ленит чачыранды же уюган түрдө, кээде каль&shy;цит тарамдары м-н акиташ тектеринде кабат, линза түрүндө жолугат. [[Категория:3-том, 327-448 бб]]
Көл обл-нун Түп р-нунда жайгашкан. Каракол ш-нан чыгыш тарапта, Тескей Ала-Тоонун түн. капталындагы Жыргалаң, Каркыра суулары&shy;нын аралыгында. Мында ондон ашык кен бар (Эки-Чат, Чаар-Кудук, Үч-Кашка, Каркыра, Таш-Дөбө, Темир-Төр-Булак, Жогорку Жырга&shy;лаң ж. б.). Айрым кендери (Чаар-Кудук ж. б.) жерг. элге илгертен белгилүү болсо да, көпчү&shy;лүгүнө геол. чалгындоо 1950–60-жылдары гана жүргүзүлгөн. Аймагында каледон интрузияла&shy;ры, ордовиктеги метаморфизмделген тектер, де&shy;вондогу жанартоо, таш көмүр мезгилиндеги
чөкмө тектер жатат. Морфологиясы, түзүлүшү
ж-а курам өзгөчөлүктөрү б-ча кендер эки топко бөлүнөт. Биринчисине Темир-Төр-Булак, Жогор&shy;ку Жыргалаң ж. б. кендер кирет. Булар тек&shy;тон. жаракалардын брекчияланган аймакта&shy;рындагы кварц ж-а кальцит тарамдарында кез&shy;дешет. Экинчиси – акиташ тектери (калыңды&shy;гы 40–80 <i>м</i>) м-н байланышкан стратиформдук кендер. Алардын ичинен эң негизгиси ж-а жак&shy;шы изилденгени Эки-Чат, Чаар-Кудук, Таш- Дөбө. Мында жездүү ж-а коргошундуу геол. эки горизонт кезигет. Халькопирит, борнит, халько&shy;зин минералдары бар жездүү горизонт акиташ
катмарларынын төмөнкү жагында (калыңды&shy;гы 3,5 <i>м</i>) жездин кондициялык өлчөмү 1%ке жетет. Анын үстүндө коргошундуу горизонт жа&shy;тат, калыңдыгы 0,5–5,0 <i>м</i>. Коргошундун өлчөмү 0,5–5,6%. Кенташ негизинен галенит, кээде сфа&shy;лерит, халькопирит минералдарынан турат. Га&shy;ленит чачыранды же уюган түрдө, кээде каль&shy;цит тарамдары м-н акиташ тектеринде кабат, линза түрүндө жолугат. [[Категория:3-том, 327-448 бб]]
 

09:21, 1 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ЖЫРГАЛАҢ ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНДЕРИ Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан. Каракол шаарынан чыгыш тарапта, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы Жыргалаң, Каркыра суулары­нын аралыгында. Мында ондон ашык кен бар (Эки-Чат, Чаар-Кудук, Үч-Кашка, Каркыра, Таш-Дөбө, Темир-Төр-Булак, Жогорку Жырга­лаң ж. б.). Айрым кендери (Чаар-Кудук ж. б.) жергиликтүү элге илгертен белгилүү болсо да, көпчү­лүгүнө геологиялык чалгындоо 1950–60-жылдары гана жүргүзүлгөн. Аймагында каледон интрузияла­ры, ордовиктеги метаморфизмделген тектер, де­вондогу жанартоо, таш көмүр мезгилиндеги чөкмө тектер жатат. Морфологиясы, түзүлүшү ж-а курам өзгөчөлүктөрү боюнча кендер эки топко бөлүнөт. Биринчисине Темир-Төр-Булак, Жогор­ку Жыргалаң ж. б. кендер кирет. Булар тек­тоникалык жаракалардын брекчияланган аймакта­рындагы кварц ж-а кальцит тарамдарында кез­дешет. Экинчиси – акиташ тектери (калыңды­гы 40–80 м) м-н байланышкан стратиформдук кендер. Алардын ичинен эң негизгиси ж-а жак­шы изилденгени Эки-Чат, Чаар-Кудук, Таш- Дөбө. Мында жездүү ж-а коргошундуу геологиялык эки горизонт кезигет. Халькопирит, борнит, халько­зин минералдары бар жездүү горизонт акиташ катмарларынын төмөнкү жагында (калыңды­гы 3,5 м) жездин кондициялык өлчөмү 1%ке жетет. Анын үстүндө коргошундуу горизонт жа­тат, калыңдыгы 0,5–5,0 м. Коргошундун өлчөмү 0,5–5,6%. Кенташ негизинен галенит, кээде сфа­лерит, халькопирит минералдарынан турат. Га­ленит чачыранды же уюган түрдө, кээде каль­цит тарамдары м-н акиташ тектеринде кабат, линза түрүндө жолугат.