ЖЭКСОНВИЛЛ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:52, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЭ́КСОНВИЛЛ – АКШнын түш.-чыгышында­гы шаар. Флорида ж. а-нын түн.-чыгышында, Сент-Жонс д-сы Атлантика океанына куя бе­риште жайгашкан. Флорида штатында. Калкы 882,1 миң (2007; агломерациясында 1,2 млн). Аянты б-ча (2,3 миң км2; ички 302 км2 аквато­риясы м-н) Америкадагы чоң шаарлардын бири. Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Терең деңиз порту (2006-ж. 2,3 млн т жүк та­шылган). Круиз терминалы (Багама аралдары ж-а Ки-Уэст а. м-н байланышат). 18-к-дын ая­гында испаниялык Флориданын курамында Кауфорд тургун жайы катары негизделген. 1821-ж. АКШга карап, алгачкы аскер губерна­тору генерал Э. Жэксондун урматына азыркы­дай аталган. 1832-жылдан шаар. Кеме куруу, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, тамак-аш, кара металлургия, металл иштетүү ө. ж. ишканала­ры иштейт. Ун-ттер, китепкана, музейлер, зоо­парк бар. Жыл сайын музыка, 1984-жылдан кино фестивалдары өткөрүлүп, көргөзмө борбо­рунда а. ч. ярмаркалары (жыл сайын) болуп турат. Аскер-деңиз флотунун ж-а деңиз авиа­циянын базасы. Шаарга жакын «Форт Кэро­лайн» улуттук мемориалы жайгашкан.