ЗАЛАЛ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЗАЛАЛ – КРдин жарандык укугунда жарандын өздүгүнө же мүлкүнө, о. эле юрид. жакка келтирилген зыян. З. келтирген жак анын ордун толук толтурушу керек. Мыйзам б-ча З. келтирбеген жакка дагы зыяндын ордун толтуруу милдети жүктөлүшү мүмкүн. Мыйзам же келишим б-ча З. келтирген жакка З-дын өлчөмүнөн башка ордун толтуруучу төлөм милдети жүктөлүшү мүмкүн. З. келтирген жак эгер келтирилген З-га алардын күнөөсү жок экендигин далилдесе, З-дын ордун толтуруу милдетинен бошо-
тулат. Бирок мыйзамда З-ды келтирүүгө күнөөсү жок болгон учурда да, анын ордун толтуруу учурлары каралган. Укук ченемдүү аракеттер аркылуу келтирилген З. мыйзам тарабынан каралган учурларда гана орду толтурулат.