ЗАРЫЛДЫК ЖАНА КОКУСТУК: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЗАРЫЛДЫК ЖАНА КОКУСТУК – материалдык дүйнөнүн объективдүү байланыштарын көрсөтүүчү филос. категориялар; зарылдык кубулуштардын ички негизи – структурасы ж-а закон ченемдүүлүктөрү м-н аныкталуучу байланыш тиби; кокустук ушул кубулуш үчүн тышкы болуп эсептелген себептер м-н аныкталуучу түшүнүк. Зарылдык кубулуштун өнүгүшүнүн негизги, закон ченемдүү тенденциясын көрсөтөт;
кокустук анын өнүгүшүнүн тышкы, туруктуу эмес формаларын мүнөздөйт. З. ж. к-тун өз ара байланышы диалектикалык мүнөздө болот: бир учурда кокустук катары көрүнгөн кубулуш, башка бир жагдайда зарылдык катары чыгат; зарылдык кокус көрүнүштөрдүн массасы аркылуу көрүнөт, кокустук зарылдыктын ишке ашуусунун формасы катары чыгат; кокус байланыштар тарыхый шарттардын өзгөрүшү м-н зарыл байланыштарга айланышы же мунун тескерисинче болушу мүмкүн.