ЗЕЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЗЕ́Я – Ы. Чыгыштагы дарыя, Амурдун сол куймасы. Уз. 1242 км, алабынын аянты 233 миң км2. Становой кырка тоосунан башталып, төмөнкү агымы Жогорку Зея түздүгү аркылуу агат. Тукурингра ж-а Соктахан тоо тизмектери аркылуу
өтүп, аскалуу капчыгай – Зея Дарбазасын пайда
кылат; мында ГЭС курулган. Селемжанын чатынан төмөн карай Зея-Бурея түздүгү аркылуу агат.
Негизги куймалары – Селемжа (сол), Гилюй (оң). Орт. чыгымы 1900 м3/сек. Ноябрдан майдын башына чейин тоңот. Зея суу сактагычында ж-а ГЭСтен төмөн карай кеме жүрөт. Боюнда Зея, Свободный, Благовещенск ш. жайгашкан.