ЗИГОТА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЗИГО́ТА (гр. zygōtjs – бирге кошулган) – түрдүү жыныстагы гаметалардын кошулушунан пайда болгон клетка. «З.» терминин немис ботаниги Э. Страсбургер киргизген. З. хромосомалардын диплоиддүү (кош) жыйындысы м-н гаметадан айырмаланат. Ал уруктануудан кийин өөрчүйт (көпчүлүк балырлар м-н козу карындарда) же сыртынан кабык м-н капталып, белгилүү убакка чейин тынч абалда болуучу спорага (зигоспорага) айланат, к. Уруктануу.