ЗООЛУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЗООЛУ – күнөөлүү деп эсептелген, камакка алынган адамдардын колу-бутуна, моюнуна са­лына турган кишен. Ал жоон чынжырлар м-н бириктирилген бекиме темир билериктер түрүндө жасалган. З-нун колго, бутка же экөөнө тең салынуучу, о. эле бутка, колго, моюнга чогуу салынуучу түрлөрү болгон. З-нун билерикчеле­ринин ар биринин өзүнчө ачкычы болуп, бир З. эки, төрт ж-а беш ачкыч м-н ачылган. З. салынган кишини ошо бойдон оор жумуш иш­төөгө мажбурлашкан. З. илгерки заманда Кы­тайда, Чыңгызхандын мамлекетинде, Иранда, падышалык Россияда сүргүнгө айдалган адам­дарга кеңири колдонулган.