ЗООХОРИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЗООХО́РИЯ (зоо... ж-а гр. сhōrtō – алга барам, таралам) – өсүмдүк уругунун ж-а мөмөсүнүн жаныбарлар аркылуу таралышы. З. эпизоохор­лор, эндозоохорлор ж-а синзоохорлор болуп үчкө бөлүнөт. Э п и з о о х о р л о р уругундагы, мөмөсүндөгү илгичтери же илээшкек заттары­нын жардамы м-н жаныбар терисине, жүнүнө жабышып таралат. Э н д о з о о х о р л о р жаныбарлар ширелүү, эттүү мөмө-жемиштерди жегенде, уругу азык сиңирүү жолунда сакталып, башка жерге түшөт. С и н з о о х о р л о р жаныбар урукту, мөмөнү кышка камдоо үчүн башка жакка ташыганда урук таралат.