ИВАНИЦЫН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИВАНИ́ЦЫН Алексей Илларионович (1870, Одесса – 5. 1. 1925, Ташкент) – Кырг-нда, а. и. Пишпекте туңгуч большевиктер уюмун түзүү ж-а Совет бийлигин орнотуу үчүн күрөшкөндөрдөн.

1916-ж. Пишпекке келип, большевиктер м-н байланыш түзгөн. 1917-ж. октябрда өзү эмгектенген Чүй сугат тармагынын курулушунда большевиктердин жашыруун тобун уюштурган. Ал топ 1917-жылдын аягында Пишпек большевиктерине кошулган. 1918-ж. февралда Пишпекте Совет бийлиги орнотулуп, апрелде РКП(б)нин Пишпек уезддик-шаардык кти түзүлүп, анын 1-секретары болуп шайланган. Ысмы Бишкек ш-нын бир көчөсүнө ыйгарылып, эстелиги тургузулган.