ИЗОЛЯТОР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ИЗОЛЯ́ТОР м е д и ц и н а д а – жугуштуу оору (холера, чума, чечек ж. б.) м-н ооруган же ага күнөм саналган кишилерди убактылуу бөлүп (ооруканага жеткиргенге чейин) коюучу жай. И. оорукана, поликлиника, санаторий, бала бак­ча, жатакана ж. б-да болот. Анда оорулуулар­ды тейлөөдө эпидемияга каршы эрежелерди (идиш-аякты бөлүү, бөлмөнү, шейшептерди, идиштерди дезинфекциялоо) сактоого чоң көңүл бурулат. Кээ бир жугуштуу ооруларда (грипп, көк жөтөл, кызылча) үй шартында деле оору­лууну өзүнчө бөлмөгө же бөлмөнүн бир бурчун көшөгөлөп бөлүп койсо болот (к. Жугуштуу оорулар); шейшеп, сүлгү ж. б. буюмдарды бөлүп коюу керек. Оорулуу м-н бирге болгон кишилер эмделет.