ИЗОСТАЗИЯ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИЗОСТАЗИ́Я (изо... ж-а гр. stfsis – абал), и з ос т а з и я л ы к т е ң д е ш т и к – жер кыртышында гидростатикалык тең салмактуулукту сактоо абалы; литосферанын астеносферага карай теңдештик абалы. Астеносфера – кыртыш астындагы пластикалык субстрат, ошондуктан Архимед закону б-ча анда литосфера калкып турат. Бирок жер кыртышынан төмөнкү тереңдиктеги (100 км) литосферанын басымы жер бетиндеги рельефтин ар кандай болушуна карабай, бардык жерде бирдей. Мындай абал жер кыртышынын калыңдыгы анын орт. тыгыздыгына тескери пропорция м-н өзгөрүшүн ж-а кыртыш таманынын рельефи

жер бетиндегиге окшош болгондугунун натыйжасында гана сакталат, б. а. оор салмактагы океан кыртышы тоо кыркаларынын астында мантияга салаалап (тоо тамырлары) кирип турган жеңил материк кыртыштарына караганда жука (к. схема). Жер кыртышы жалпысынан бардык жерде толук И-лык теңдештик абалында болот, бирок тектон. кыймылдар болуп турган аймактарда кээде анын сакт албаганы изилдөөлөрдөн байкалган. Алар и з о с т аз и я л ы к а н о м а л и я деп аталат. И. бардык эле чакан аянтта боло албагандыктан, адатта, ири аймактарда (туурасы 100– 200 км) гана сакталат. И. тик асманын кыйшаюусунан, жер кыртышынын калыңдыгын сейсм ыкмалар м-н өлчөө ж-а оордук күчүнүн аномалиясын аныктоо жолдору аркылуу билинет. Балтика ж-а Канада калкандары акыркы муз каптоодон төмөн чөгүп, музу эрип жеңилдегенден кийин көтөрүлө баштаган (азыр жылына 11 ммге). Жер кыртышында И-лык күч тектон. кыймылдын таралышына тоскоолдук кылып, теңдештикти калыбына келтирип турат.
Ад.: Артемьев М. Е., Артюшков Е. В. Изостазия и тектоника // Геотектоника. 1967, ¹ 5; Артемьев М. Е.
Изостазия // Земля и Вселенная. 1970, ¹ 3.