ИЙЛӨӨ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ИЙЛӨӨ т е р и - м е х ө н д ү р ү ш ү н д ө – малдын терисин буюм жасалуучу териге айлан­дыруу. И. ар түрдүү ийлегич заттардын жарда­мы м-н ишке ашырылат. И-дө тери кылдары­нын арасындагы суу чыгарылып, кылдар бири­бири м-н жабышат. Өсүмдүктүн жардамы м-н И. – эң байыркы, кеңири таралган ыкма. Мын­да тери өсүмдүк кабыгынан ж-а тамырынан жа­салган ийлегич экстрактта, ал эми минералдык ыкмада – минерал туздардын эритмесинде чы­ланат. Бул процессте тери тез ийленет, негизи­нен жука терилер иштетилет. Май м-н И-дө ба­лык ж. б. жаныбарлардын майы пайдаланы­лат. О. эле синтездик ийлегич заттар кеңири таралган. И. кыргыздарда илгертеден эле колдо­нулган. Майда жандык (кой, эчки), кайберен (аркар, теке, кулжа) терилери колго ийленип, ал эми бодо мал (топоз, уй, төө) ж-а бугунун терилери талкууга салынган. И. ыкмасы м-н кайыш, көк, булгаары ж. б. даярдалып, чанач,


сабаа ж-а кийим-кечектер (тебетей, жака, тон, ичик, кандагай шым, жаргак шым) тигилген.