ИЙНЕ САЙЫП ДАРЫЛОО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИЙНЕ САЙЫП ДАРЫЛОО</b> , а к у п у н к т у­р а, ч ж е н ь - ц з ю - т е р а п и я – дененин белгилүү жерлериндеги тканга түрдүү узун­дуктагы ийне сайып дарылоо ыкмасы. | <b type='title'>ИЙНЕ САЙЫП ДАРЫЛОО</b> , а к у п у н к т у­ р а, ч ж е н ь - ц з ю - т е р а п и я – дененин белгилүү жерлериндеги тканга түрдүү узун­дуктагы ийне сайып дарылоо ыкмасы. Ийне сайып дарылоого а к у п у н к т у р а н ы н өзү ж-а и г н и п у н к ­т у р а (өсүмдүк заттарынан атайын кысылып жасалган таякчалар м-н) кирет. Экөө тең Кы­тайдын элдик медицинасында байыртан эле колдонулуп келген. Адамдын денесинде оору­нун түрүнө жараша ийне сайыла турган 664 че­кит бар. Дененин белгилүү жериндеги чекиттер­ге сайылган ийне нерв учтарын дүүлүктүрөт, дүүлүгүү мээге же жүлүнгө жетет, андан ар кай­сы органдарга келет. Ийнелер атайын металлдан жасалат, узундугу 1,5–12 <i>см</i>, жоондугу 0,3–0,45 <i>мм</i>. Ийне туура сайылса, зырылдатып, какшатып же чымыратып оорутат. Демейде денеге 2–4 ийне сайып, 5–10–20 <i>мин</i> кармайт. Дарылоо 10–15 сеанстан турат. 10–15 күн тыныгуудан кийин кайталоого болот. Ийне тери, булчуң, тарамыш, муундун нерв талчаларын дүүлүктүрөт, ошол се­бептүү орган, ткандардын азыктанышы жакшы­рып, айрым ооруларда жакшы натыйжа берет. Ийне сайып дарылоо невралгия, неврит, куяң, талма, шал ж. б. нерв, аллергия (нейродермит, экзема, ри­нит ж. б.) ооруларында жүргүзүлөт. Өтө арык ж-а өтө семиз кишилерге ийне сайып дарылоо колдонулбайт. | ||
Ийне туура сайылса, зырылдатып, какшатып же чымыратып оорутат. Демейде денеге 2–4 ийне сайып, 5–10–20 <i>мин</i> кармайт. Дарылоо 10–15 сеанстан турат. 10–15 күн тыныгуудан кийин кайталоого болот. Ийне тери, булчуң, тарамыш, муундун нерв талчаларын дүүлүктүрөт, ошол се­бептүү орган, ткандардын азыктанышы жакшы­рып, айрым ооруларда жакшы натыйжа берет. | |||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
09:01, 15 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИЙНЕ САЙЫП ДАРЫЛОО , а к у п у н к т у р а, ч ж е н ь - ц з ю - т е р а п и я – дененин белгилүү жерлериндеги тканга түрдүү узундуктагы ийне сайып дарылоо ыкмасы. Ийне сайып дарылоого а к у п у н к т у р а н ы н өзү ж-а и г н и п у н к т у р а (өсүмдүк заттарынан атайын кысылып жасалган таякчалар м-н) кирет. Экөө тең Кытайдын элдик медицинасында байыртан эле колдонулуп келген. Адамдын денесинде оорунун түрүнө жараша ийне сайыла турган 664 чекит бар. Дененин белгилүү жериндеги чекиттерге сайылган ийне нерв учтарын дүүлүктүрөт, дүүлүгүү мээге же жүлүнгө жетет, андан ар кайсы органдарга келет. Ийнелер атайын металлдан жасалат, узундугу 1,5–12 см, жоондугу 0,3–0,45 мм. Ийне туура сайылса, зырылдатып, какшатып же чымыратып оорутат. Демейде денеге 2–4 ийне сайып, 5–10–20 мин кармайт. Дарылоо 10–15 сеанстан турат. 10–15 күн тыныгуудан кийин кайталоого болот. Ийне тери, булчуң, тарамыш, муундун нерв талчаларын дүүлүктүрөт, ошол себептүү орган, ткандардын азыктанышы жакшырып, айрым ооруларда жакшы натыйжа берет. Ийне сайып дарылоо невралгия, неврит, куяң, талма, шал ж. б. нерв, аллергия (нейродермит, экзема, ринит ж. б.) ооруларында жүргүзүлөт. Өтө арык ж-а өтө семиз кишилерге ийне сайып дарылоо колдонулбайт.