ИКОНА ТАРТУУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИКО́НА ТАРТУУ , и к о н о п и с ь (икона ж-а орусча писать – жазуу, тартуу дегенден) – христиан дининдеги калктардын о. кылым иск-восунда өөрчүгөн станоктук живописинин диний багыттагы бир тармагы. И. т. православие дини өкүм сүргөн өлкөлөрдө айрыкча көп тараган. Иконалар дайыма чиркөөнүн көзөмөлү м-н, иконография эрежелери б-ча тартылган. Ошол себептен И. т-да турмушту аңдап билүүнүн шарттуу формалары үстөмдүк кылган. Ошентсе да айрым сүрөтчүлөр көркөм чеберчилик жагынан чоң ийгиликтерге жетишкен, мыкты чыгармалар жарата алышкан. И. т. иудей ж-а христиан диндеринин өнүгүш процессинде пайда болуп, Византияда ж-а Россияда өзгөчө өсүп-өөрчүгөн.
Ад.: История иконописи. Истоки. Традиции. Современность: VI–XX вв. М., 2002.