ИКРА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИКРА́ , э н е л и к у р у к – моллюскалардын, ийне терилүүлөрдүн, сөөктүү балыктардын, жерде-сууда жашоочулардын ж. б-дын сууга ташталган энелик жыныс клеткасы (жумурткасы). И. суу түбүнө, терең катмарларына ж-а үстүнө ташталат. Суу түбүнө ташталган уруктар, суудан оор келет, кээде жабышкак болот. Балыктар суу түбүнө, таш коңулуна, өсүмдүккө таштайт же суу түбүндөгү катуу жерге көөмп коёт. Жеңил И. суунун калың катмарында же анын үстүндө калкып жүрөт. Балык И-сынын диаметри 0,6 ммден 7,0 ммге чейин. Балыктар бир нече ондон жүз миллионго чейин И. таштайт.