ИЛИМДИН ДОКТОРУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:48, 6 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ИЛИМДИН ДОКТОРУ – ил. даража. Биринчи жолу Болонья (1130), кийин Париж (1231) ун-ттеринде берилген. 1819-жылдан Россиянын ун-ттерине киргизилип, 1934-жылдан ил. кызматкерлерге бериле баштаган. И. д. даражасын ЖОЖдордун ж-а ил.-из. мекемелеринин өтүнүчү б-ча илимдин кандидаты деген даражасы бар, көлөмдүү ил. эмгектерин жарыялаган ж-а доктордук диссертациясын эл алдында коргогон ил. кызматкерге Жогорку аттестация комиссиясы (ЖАК) ыйгарат. Диссертация илимге ж-а ил.- практикага маанилүү салым кошкон өз алдынча ил.-из. болуп, теор. жалпылоолорду ж-а айрым ил. маселелердин чечилишин камтыйт. И. д. даражасы илимдин төмөнкү тармактары б-ча берилет: физика-математика, техника, химия, биология, экономика, педагогика, медицина, филология, философия, тарых ж. б.